Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:22

13:55 Кыргызстанда адам укугу жакшырып кете элек


Кыргызстанда адам укугу боюнча абал айрым жагдайларда жакшырганы менен, кээ бир учурларда тескерисинче начарлап кетти. Мындай пикирин билдирген укук коргоочу Азиза Абдырасулованын айтуусунда Башмыйзамга өзгөртүү киргизилгени нааразылык акцияларын уюштуруу жеңилдеп калды. Мурда пикет, митинг өткөрүү үчүн сөзсүз түрдө жергиликтүү бийликтин уруксатын алуу зарылчылыгы бар болсо, азыр жөн гана маалымдап коюу жетиштүү.

Бирок акыркы кездерде адам өмүрүнө болгон кол тийбестик абалы начарлап, жарандардын жеке менчикке болгон укугу тебеленип жатат. А.Абдырасулова кийинки убакта укук коргоо уюмдарына ушундай арыз менен кайрылган адамдар көп болуп жаткандыгын айтты.

XS
SM
MD
LG