- ХИПИК маселеси кыргыз калкын ушундай бир бушайман ойго салып турат. Бул программага кирүү-кирбөө жөнүндө талаш-тартыштардын толкуну мурда болуп көрбөгөндөй көтөрүлдү. Урматтуу Дастан Исламович, Сиздин оюңузча, бул маселе эмне үчүн эл ичинде ушунчалык чоң тынчсызданууну пайда кылып жатат?
- ХИПИКке кирүү эгемендикти жоготуп, мамлекеттүүлүктүн затын кетирип, атын эле калтыруу дегенди билдирет. Азыркы бийлик алсыздыгын, жөндөмсүздүгүн көрсөтүп, саясий банкрот болгонду далилдегендин алдында турат. Эң коркунучтуусу - кыргыз эли өзүнө, өз Мекенине, өлкөсүнө, элине, жерине биротоло ишенимин жоготуп, Эл аралык валюта фондусу менен Дүйнөлүк банктын малайына айланды десек болот.
Ошондуктан, кыргыз элинин алдында азыр эки ача жол турат. Бири-ХИПИКке кирип, байыркы улуу тарыхыбыздан, дөөлөтүбүздөн, рухубуздан, эгемендүүлүгүздөн кечип, малай болуп, кул болуп чөгөлөп жашап, эптеп жан багып күн өткөрүүнүн жолу. Экинчи жол - өз күчүбүзгө, аракетибизге, өз Мекенибизге, өз элибизге, өзүбүзгө гана ишенип, улуу рухубузга таянып, намысыбызга келүү. Тизелеп жашагандан көрө өз күчүбүз менен бутубузга туруп кетүү оор, бирок сыймыктанчу баатырлык жана эрдиктин жолу. Мына Үзөнгү Куушту бергенде балык болуп унчуккан жокпуз. Эми Үзөнгү Куушту эмес, бүткүл кыргыз жерин Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банктын малайлыгына берүүнүн алдында турабыз. Эми дагы балык болуп унчукпасак, анда кыргыз деген улуу сөздү булгабай эле, паспортубузга арданбай эле "малай" деген сөздү жазып алсак жарашып калат.
- ХИПИКтин жолу туюк, Кыргызстан эгемендигин колдон чыгарат деп жатасыз. Эл аралык Валюта фонду менен Дүйнөлүк банка эмне үчүн ишеним ушунчалык төмөн же жок болуп жатат?
- 2003-жылы көрүнүктүү саясатчы, өлкө башчысы Маргарет Тетчер «Мамлекетти башкаруу-даанышмандык» («Искусство управления государством - стратегии для меняющегося мира») деген китебин чыгарган. Маргатет Тетчер ошол китебинде 452-бетинде ачык эле жазып атат, Эл аралык валюта фондусун жоюп коюш керек, анткени ал өзүн өзү актаган жок деп. Экинчи китеп, Дүйнөлүк банкта төрт жыл вице-президент болгон, экономика боюнча Нобель сыйлыгына лауреат болгон Жозеф Стиглиз «Глобализация-тревожные тенденции» деген китеп жазыптыр. Бул китепте дагы ачык эле көрсөтүп жазып жатат, булардын саясаты ошол төрт-беш өлкөнүн жеке кызыкчылыгын ишке ашыруучу гана курал деп жатат.
Биз мына эки миллиард доллар карыз жөнүндө айтып кеттик. Мен кызматта жүргөндө быйыл Дүйнөлүк банктын өкүлү менен жолугуп, мындай сунуш бердим. Мына биз эки миллиард доллар карыз болдук, ошонун жарымын силер кечүүгө милдеттүүсүнөр, анткени силердин биздин өлкөбүздүн шартын, салтын эске албай туура эмес кеңеш бергениңер үчүн ушунча карызга батып отурабыз. Өзүнөрдүн күнөөңөрдү мойнуңарга алып, карыздын теңин кечүүгө милдеттүүсүңөр десем, каяша айта алышкан жок.
Ошондуктан, булар Кыргызстандын өнүгүп өсүп гүлдөгөн өлкө болушун каалашпайт. Ачык айтканда, Эл аралык валюта фонду негизинен ушул уюмдун акциясын кармаган АКШ мамлекетинин саясатын кызыкчылыгын ишке ашыруучу каржылык курал болуп калганын эч ким жаап жашыра албайт. Экинчиден, суу байлыгы боюнча Кыргызстан дүйнөнүн 110 өлкөсүнөн алдыда турат. Элдин сабаттуулугуна кайрылсак, элибиз дүйнөдө 14-орунда турат. Америка жыйырманчы орунда, Малайзия жүзүнчү орунда турат. Элибиз сабаттуу болсо, беш миллион калкыбызга кен байлыгыбыз, жер-байлыгыбыз жетиштүү болсо, биз эмне үчүн бирөөнүн этегин кармап, малай болуп, тилемчилик кылып, келечектеги балдарыбызга күн карамалык, кулчулук жолду тандап беришибиз керек.
- Президент Курманбек Бакиев Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп берген шартта гана ХИПИК программасына кирүү жөнүндө сөз болушу мүмкүн деп айтты. Эл аралык каржы уюмдар Кыргызстандын өкмөтү коюп жаткан шарт-талаптарга көнсө дагы баары бир бул программанын келечеги Кыргызстан үчүн опурталдуу деп ойлойсузбу?
- Опурталдуу эле эмес, бул туңгуюкка алпара турган жол. Себеби, ошол програмага кирбей жатып Президент, Кыргыз өкмөтү, Жогорку Кеңеши салыкка, жөлөкпулга, пособие, бюджетке тиешелүү бир да орчундуу маселени өз ыктыяры менен чече албайт. Ошол программага кирбей жатып эле бүгүн аларга көз каранды. Бюджетке тиешелүү ири экономикалык маселелерге келгенде ошол ЭВФ менен Дүйнөлүк банктын макулдугун албай туруп, бир да маселе чече албайт. Анан ХИПИКке кирди деген мойнубузга биротоло минди деген сөз. Анда бизден сурап да коюшпайт, силер ХИПИК программасына кирдиңер, миллиард доллар карызды мүмкүн кечеби же жокпу, ал дагы арсар, ал дагы күмөн. Эгерде, бир миллиард доллар менен кыргыздын рухун, наркын, ишенимин таразага тартсак, ал бир миллиард доллардан дагы баалуу болуш керек. Мунун түбү Кыргызстанга жакшылык алып келбейт. Мына, 15-жылдын ичинде ЭВФ Кыргызстандын экономикасына, өндүрүшкө бир да доллар салган жок.