Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:03

БАЛБАЙ АЛАГУШОВДИН «БАБАЛАРДЫН МУРАСЫ»


Жакында «Гүлчынар» басмаканасынан белгилүү музыка изилдөөчү, «Азаттык» үналгысынын кабарчысы, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Балбай Алагушевдин «Бабалардын мурасы» аттуу китеби жарык көрдү.

Автордун этнографиялык китебинин жазылышына «Азаттык» радиосунун эфиринен уктурулган «Бабалардын мурасы» аттуу түрмөктүн материалдары өзөк болгон.

Китеп эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүмүндө байыркы бабаларыбыздан калган азан чакырып ат коюудан тартып, жарык дүйнөгө келген наристеге берилген ак баталар, бешик ырлары, ай-күн айтымдары, көчкөндө, жаңы үйгө киргенде, жолго чыкканда, жоого аттанганда берилген баталар. «Бекбекей», «Шырылдаң» ырлары, «Үлүш», «Чечкөр», «Нооруз», Орозо айт, Курман айт элдик майрамдары, Жарамазан, Сармерден айттыруу, кошок, күйгөн, секетбай, насыят, терме, санат, арман, каргыш, коштошуу, жар чакыруу жана башка адабий оозеки-музыкалык чыгармалардын кооз үлгүлөрү берилген.

Китептин экинчи бөлүмү улуу манасчы Саякбай Каралаевдин айтуусундагы «Манас» эпосундагы баатырлар Манас, Бакай, Алмамбет, Чубак, Сыргак, Коңурбай, Кошой, Жолой, Семетей, Сейтек, акылгөй-айымдар Каныкей, Кызсайкал, Арууке, Бурулкан, Айчүрөк жана башкалар, тулпарлар Аккула, Сарала, Тайбуурул, Тайтору, Чылкуйрук, Алгара жана башкалардын сүрөттөөлөрү, ар бир каармандын ким экендиги, эрдиги, кимдин айымы, кимдин тулпары болгону кыскача, кызыктуу маалымдалат.

Бул китептин өзгөчө баалуулугу аны SD альбому коштойт. Анда китепте баяндалган айтым-кептер, ак-баталар, бешик, эмгек, сүйүү, үйлөнүү ырлары, «Манас» баштаган «Курманбек», «Олжобай менен Кишимжан», «Кожожаш», «Саринжи Бөкөй», «Карагул ботом», «Акмөөр», «Жаңыл мырза», «Эртөштүк» «Жаныш Байыш», «Гүлгаакы» эпос, дастандары белгилүү ырчылардын аткаруусунда берилген.

«Азаттык» үналгысынын тарыхында эфирден уктурулган материалдардын негизинде жазылган бул китеп окурмандарды кайдыгер калтырбайт деп ойлойбуз. Эскерте кетүүчү нерсе, китеп жана SD альбому жөнүндө кызыккандар, калоо-тилектер болсо (0312) 54-49-05 телефонго, авторго кайрылышса болот.

Бакыт Орунбеков
XS
SM
MD
LG