Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:10

ТӨЛӨМҮШ ЖАКЫП УУЛУНУН АТЫН ЖЕРДЕШТЕРИ ТҮБӨЛҮК КАЛТЫРГЫСЫ КЕЛИШЕТ


Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын башында Нарын шаарындагы музейде Төлөмүш Жакып уулунун жеке өздүк бурчу ачылды. Ал киши ”Азаттык” радиосу өзүнчө бөлүм болуп ачылган соң 1983-жылы эң биринчи деректири болуп иштеген. 10-декабрда ал кишинин кайтыш болгонуна 14 жыл болот экен. Нарындык жердештери Төлөмүш Жакып уулунун атын түбөлүккө калтыргысы келишет.

“Азаттык” радиосун негиздөөчүлөрүнүн бири Төлөмүш Жакып уулу Нарын районуна караштуу Байгазак айылында туулган. Анын 80-жылдыгын аркалап ноябрда музейде жеке бурчу ачылган. Ал адамды көрүп уккандар мындайча эскеришет. Нарын райондук депутаттар кеңешинин төрагасы Болот Белековдун айтымында убагында Төлөмүш Жакып уулунун туугандары жашырынып жолугушкан экен.

-Төлөмүш Жакып уулу мекенин сүйгөн, эл-жерин сүйгөн адам экендигин менин кудам Бейшенаалы Бекжанов чет элде жүргөндө барып, жашыруун, оор кырдаалда жолугушуп келгенин айткан. Ошондо мекенимди сагындым, элимди сагындым деп көзүнө жаш алып, элинин топурагынан ала барган экен, ошону жыттап, өпкүлөп, ушунчалык патриотуулугун көрсөттү деп айткан сөзү менин эсимде турат. Бул адамды тарыхый адам деп эсептесек болот,- дейт Болот Белеков.

“Кут билим” гезитинин Нарындагы кабарчысы Кенжебай Кыдыровдун атасы Төлөмүш Жакып уулу менен согушка жөнөгөн экен.

-Радиодон түнкүсүн бир нерселерди угуп калчу. Сурасам. Бизде Төлөмүш Жакып деген киши бар. Ошол жөнүндө угуу берет. Мен анда кичине болчумун. Көп этибарга деле алган жокмун. Сиз кандайча таанып калдыңыз десем. Армияга чогуу болушкан экен.

Маектешим Төлөмүш Жакып уулу өз мекенине 1992-жылдын май айында келгенде жолуккан экен.

-Атамдын сүрөтүн көтөрүп ошол кишиге тааныйсызбы десем, ооба мен тааныйм, сен кимиси болосуң деп сураган. Мен уулу болом десем, экөөбүз сүрөткө түшкөнбүз. Чүй өрөөнүнө барып калдык. Рахманкул хан менен үйдө түшкөн сүрөтү бар экен. Анан ага суроо узаткам. Рахманкул хан менен сиз сүрөткө түшкөн экенсиз. Кандай байланышыңыз бар эле десем. Жылына эки жолу барып жолугуп турчу экен,- деп эскерет Кенжебай Кыдыров.

Нарын районуна караштуу Аккыя айылынын мектеп деректири Кубат Талипов 1992-жылы ал кишинин айылына келишин мындайча эскерет.

-Мен ал киши менен мектепте жолугушууларды уюштуруп, оозмо-ооз сүйлөшкөм. Ал кишини айткан сөзү бар. “Жер ушунчалык көп экен бирок жалкоо экенсиңер” деген. Мен ушул сөздү азыркы күнгө чейин эстейм. Волга машинасынан түшөөрү менен мен ойлодум кан басымы көтөрүлүп кетти го деп. Келип көтөрсөм ал кишинин көзүнөн жаш агып жатыптыр. Анан мен топуракты сагындым деп айткан. Оо турмушта Майрам эжеңер экөөбүз балкондун үстүнө гүл айдап, гүлдү сатып ушул турмушка келгенбиз деген жакшы сөзүн айткан. Адамга өйдө карап сүйлөбөгөндүгү, жооштугу мага абдан жаккан,- дейт Кубат Талипов/

Кубат Талипов жаш муундарга анын атын калтыруу үчүн айылдагы мектепке музей ачууну көздөп жатышкандыктарын билдирди:

-Учурунда бул киши жөнүндө көп маалымат жок болгондуктан биз ал киши жөнүндө биле алган эмеспиз. Ушул убакта 80-жылдыгын белгилеп жатканда биз мектепке ал кишинин музейин ачып, ал инсандын даражасын көтөрүүгө аракет жасайбыз.

Нарын облусунун губернаторунун биринчи орун басары Исабек Абдыгазиев Төлөмүш Жакып уулунун атын көчөгө, мектепке ыйгаруу керек деген пикирге кошулат:

-Бул киши тууралуу эски муундар билгени менен кийинки муундар толугу менен жакшы билбейт. Биздин демократияны өзүнчө мамлекет болуп, эркиндикке, бийликке жетип, өз тагдырыбызды өзүбүз чечтик дегендин бир белгиси ушул. Кыргыздын үнүн чыгарып келген атабызга, агабызга биз таазим кылып эскерүүгө милдеттүүбүз. Мен ойлойм мунун аркасында чоң-чоң эскерүү салтанаттары болот. Айылына көчөнүн атын, мектептин атын берсек бул киши ага татыктуу,- дейт Исабек Абдыгазиев.

XS
SM
MD
LG