Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

АФИША: ЖАҢЫРГАН ЖУМАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Бул жумада Кожомкул атындагы спорт ордосунда салтка айланган “21-кылымдын жылдыздары” атттуу чоң программадагы концерт өтөт. Эки күнгө созулчу бул концертке 70ке жакын чыгармачыл адам катышып, баардык артисттер дует ырдашат. Жылда жаңы-жыл майрамын утурлап өткөн бул концерт быйыл сегизинчи жолу өтүп жатат. Концерттин жүрүшүндө “Жылдын мыкты ыры”, “21-кылымдын жылдызы” деген номинациялар ыйгарылат, дейт концерттин продюсери Сагын Ниязалиева.

13-декабрдан 15-декабрга чейин аскер ырларынын “Жоокерлер обон созгондо” аттуу республикалык үчүнчү фестивалы өткөрүлөт. Бул иш-чараны Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин, Республикалык “Манас” жаштар ордосу уюштурууда. Фестивалга Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер курамынын, Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин, Адилет министрлигинин Кайтаруу жана Күзөт Департаментинин бардык бөлүктөрү катышат. Иш-чаранын жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен ар бир номинация боюнча сыйлыктар жана дипломдор тапшырылат.

14-декабрда улуттук опера жана балет театрында Москва алдындагы салгылашуунун 65 жылдыгына арналган концерт өтөт. Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги уюштуруп жаткан бул маданий иш-чарада “Гармония” маданий борборунун, чыгармачыл жамаатардын ыр-бийлери тартууланып, фотокөргөзмө уюштурулат.

16-декабрда кыргыз циркинин жаш артистери “Баңгиликке жол жок” аттуу программа көрсөтүшөт.

17-18-декабрда Кожомкул атындагы спорт ордосунда “Жылдын жылдызы-2006” аттуу концерт өтөт. Концертте келген көрүүчүлөрдүн добуш берүүсү жана смс добуш аркылуу жылдын мыкты ырчысы, мыкты ыры, телеалып баруучусу, мыкты эстрадалык тобу номинациялары боюнча тандоо жүрөт.

Ала-Тоо кинотеатрында орус кинолорунун жумалыгы өтүп жатат. Жумалыктын алкагында кинокүйөрмандарына орус кинорежиссерлору тарткан “Айдап баруу”, “Акыркы бронепоезд”, “Тирүү”, “Хоттабыч” жана башка бир катар жаңы тасмалар көрсөтүлөт. Ал эми кирүү акысы бекер болмокчу.
XS
SM
MD
LG