Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:16

БАНГЛАДЕШТИК БАНКИРГЕ НОБЕЛ СЫЙЛЫГЫ ТАПШЫРЫЛДЫ


Амирбек Усмаенов, Прага Кечээ күнү Норвегиянын борбору Осло шаарларында өткөн салтанатта 2006-жыл үчүн Нобелдин Тынчтык сыйлыгы бангладештик экономист Мухаммед Юнуска жана ал түптөгөн Грамин банкына ыйгарылды. Нобелдик комитет Юнусту “жардылыкка каршы күрөшкө жана экономикалык-социалдык өнүгүүгө кошкон салымы үчүн” сыйлады. Доктор Юнус негиздеген банк 1983-жылдан бери бангладештик кедей-кембагалдарга аз өлчөмдөгү микрокреддиттерди берип келет жана анын тажрыйбасы бүгүн дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүндө колдонулат.

Мухаммед Юнус негиздеген Грамин банк 1983-жылы алгачкы кредитти топко бириккен бир нече аялга 27 доллар өлчөмүндө берген. Бангладештик аялдар ал акчага майда барат жабдуу сатып алышып, өз алдынча чарба жүргүзүшкөн. Банктын Бангладештеги 1084 бөлүмүндө азыр 12,5 миң кызматкер иштеп, 37 миң кыштактагы 2 миллион 100 миңден ашуун кардарды тейлейт. Кардарлардын 94 проценти аялдар.

Профессор Юнустун сөзүнчө, Грамин банк жылына кедей-кембагалдарга 1 миллиард долларга жакын кредит берет:

- Биз жылына 1 миллиард долларга чукул кредит беребиз. Бангладеште Грамин банк берген кредиттин орточо суммасы азыр 130 доллар. 100 доллар биз кеп кылып жаткан жарды адамдар үчүн чоң акча деп айтаар элем.

148 миллион калктуу Бангладештин экономикалык абалы Кыргызстандыкына окшош десе болот. Тактап айтканда, 2005-жылы Бангладеште жан башына өндүрүлгөн дүң продукция 2100 долларды түзсө, Кыргызстанда 2000 доллар чамалуу болгон. Мындай шартта 3-4 айлык маянага кредит, жеке чарбага керектүү дан же майда-барат тетик-жабдууларды жалдырабай сатып алууга жана болчок үрөндүн эсебинен карызды кайтарууга мүмкүндүк берет.

Профессор Юнустун айтымында, “экономикадагы, саясый жана социалдык турмуштагы адилетсиздик, демократиянын жоктугу жана кедейлик тынчтыкка коркунуч туудурат”. Микрокредит жардылыктан тез чыгаууга жардам бербегени менен муктаждыктан убактысынча болсо да чыкканга көмөктөшөт. Бирок, бангладештик мусулмандар арасында жакырчылыкка карабстан аялдардын ишкерлик кылуусун жактырбаган эркектер арбын. Аларга Юнустун даяр жообу бар:

- Адамдар акчаны алып, тиричилик үчүн пайдаланышат. Аял адамга ишкерлик кылуу Ислам үчүн жаңылык эмес. Эзелки заманда пайгамбар өзү да ишкер аялга үйлөнгөн.

Ослодогу салтанатта 66 жаштагы Юнус сыйлыкка берилген 1 миллион 100 миң еврону Мусаммат Таслима Бегум менен чогуу туруп алды. Бул аял 1992-жылы Грамин банкынан 20 доллар кредит алып, ал акчага эчки сатып алган. Азыр ал бир нече чакан ишкананын ээси жана доктор Юнус негиздеген банктын үлүшчүлөр шайлаган 9 мүчөсүнүн бири.

XS
SM
MD
LG