Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

АЗИЯ ОЮНДАРЫ: КЫРГЫЗСТАН ЭКИ КОЛО МЕДАЛГА ЭЭ БОЛДУ


Кабыл Макешов, Доха Кечээ Кыргызстандын спортчулары 15-Азия оюндарында эки коло медалды жеңип алышты.

9-декабрь күнү Доха шаарында кыргызстандык спортчу Руслан Түмөнбаев грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмакта казак балбанын утуп, коло байгелүү болду. Баш байгени Жапон балбаны Самото жеңип алды. Русландын ийгилигин кубаттап, обого кыргыз туусу көтөрүлдү. 74 кг салмакта 14-15 Азия оюндарында калыстардын айынан алтын медалдан кур калган Данияр Көбөновго коло байге буюрду. Спорт адистери Даниярдын чебердигине, даярдыгына жогору баа беришти. Ошентип, 15-Азия оюндарында учурда Кыргызстандын шыбагасына бир күмүш, эки коло байге буюруп турат. Алдыда дагы таймашуулар бар.

10-декабрда грек-рим күрөшүнөн жеңил салмакта Азия чемпиону Ринат Усупжанов жарым финалга чейин жетип, кытайлык балбанга утулуп, коло байгеге талапкердин бири болуп калды. Ал түштөн кийин күрөшөт. Жеңсе коло байгенин ээси болот.

66 кг салмакта кыргыз спорт күйөрмандарынын кулак түрүп турган дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси Канат Бегалиевдин 15-Азия оюндарында жолу болбоду.

84 кг салмакта Кыргызстандын намысын жаштар арасында дүйнө чемпиону Жанарбек Кенжеев коргоп, жарым финалга чейин жетти. Иорданиялык атаандашына аз упай менен алдырып коюп, Жанарбек кечинде коло байге үчүн таймашка чыгат. Оор салмакта Нурбек Ибраимов монгол балбанын утуп, жарым финалда ирандык жигитке жеңилип калды. Бирок Нурбек дагы коло байгеге талапкердин бири болуп калды.

15-Азия оюндарында Кыргызстандан он боксчу келгени менен бирөө да ийгилик жарата албады. 9-декабрда Асылбек Таласбаев, Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Кымбатбек Рыскулов жана оор салмактагы Нурпаиз Төрөбеков намыска жарай алышпады.

Таэквандодон Аман Абыкенов күйөрмандардын үмүтүн актай алган жок.

Көркөм гимнастикада командалык эсепте кырк казакстандык кыздар баш байгенин ээси болушса, Кыргызстандыктар жоон ортодо жүрүштү.

Жаа атуу боюнча Азия оюндарына Кыргызстандан алгачкы ирет катышып жаткан Александр Бердиган 10-декабрда да мелдештерге катышып, алдыңкылар тобуна кошула алган жок.

Ат спорту боюнча Андрей Шалохин менен Ольга Сорокина Катардын тандалган аттары менен өлкөнүн намысын коргоп жатышат. 10-декабрда жеңил атлетика боюнча марафондук жарышта кыргызстандык Сергей Фисеров марага он үчүнчү болуп келди. Мында Катардын жөө күлүгү баш байгенин ээси болду.

Жалпы командалык эсепте Кытай алдыда бара жатат. Алар учурда 103 алтын, 59 күмүш, 31 коло байгелүү болушту. Экинчи орунда Жапон мамлекети, үчүнчү орунда - Түштүк Корея. Казакстан учурда 15 алтын, 10 күмүш, 27 коло байгелүү болушту. Өзбекстан мамлекети 3 алтын байгенин ээси болуп, 16-орунда турат.

Жогорку Кеңештин депутаты «Дордой» спорт клубунун президенти Аскар Салымбеков мелдештер өтө жогорку деңгээлде өтүп жатат дейт.

- Уюштуруу маселелери эң сонун чечилген экен. Жомоктогудай болуп турабыз. Катар мамлекети каражатын аябай 3,5 миллиард долларын спорт комплекстерине жумшашыптыр. Спортчулардын саны эле он миң киши экен, андан башка коноктору канча. Аябай жогорку деңгээлде биринчи мусулман өлкөсүндө өткөрүлүп жатат. Булар 2016-жылкы олимпиадалык оюндарга шаарынын талапкердигин коёлу деп жатышат. Биздин мамлекет дагы башка мамлекеттерден таалим алып, өзүбүздүн калкыбыздын ден соолугун, келечегин ойлп, спортко өтө чоң маани беришибиз керек,- дейт Аскар Салымбеков.
XS
SM
MD
LG