Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:48

АЗИЯ ОЮНДАРЫ: КЫРГЫЗСТАН 1 КҮМҮШ, 4 КОЛО МЕДАЛЬ ЖЕҢИП АЛДЫ


Кабыл Макешов, Доха Азия олимпиадалык оюндары курч өтүп атат. 10-декабрь кыргыз спорт күйөрмандары үчүн кубанычтуу күн болду. Мурдагы 1 күмүш, 2 коло байгеге дагы 2 коло байге кошулду.

Мурдагы грек-рим күрөшү боюнча 3 жигит коло байге үчүн күч сынашкан. Жаштык кылып Ринат Усупжанов атаандашына алдырып койду. Ал эми жаштар арасында дүйнө чемпиону, Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Жанарбек Кенжеев 15-Азия оюндарында коло медаль тагынды. Ал үчүнчү орунду ээледи. Жанарбек 21 жашка толуп турган учуру. Пекин олимпиадасында кыргыздын туусун көтөрсөм деген тилеги бар.

Ал эми оор салмакта Кыргызстандын намысын коргогон Нурбек Ибраимов дагы коло медаль жеңип, обого анын жеңишинин урматына кыргыз туусу көтөрүлдү. Ошентип, грек-рим күрөшүнөн Кыргызстандык 7 балбандын төртөө коло байгелүү болушту.

11-декабрда Доха шаарында эркин күрөш боюнча мелдештер башталды. Мында төрт кыз Кыргызстандын намысын коргоп жатат. Жеңил салмакта Гүлнара Исабекова, 55 кг салмакта Кубатбек кызы Гулсина, 63 кг салмакта Асель Иманалиева жана 72 кг салмакта Яна Панова күрөшкө чыгышты. Түшкө чейин иргеп алуу мелдеши болду. Ушул балбандардын жалпы эле Дохадагы грек-рим жана эркин күрөш боюнча балбандардын ийгиликтери, чеберчиликтери тууралуу алардын күрөштөгү аракеттери тууралуу Шераалы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын директору Касымкул Оңолбеков мелдеш тууралуу мындайча ой пикирин билдирди:

-Өзүңөр көргөндөй дүйнө жүзүндө күрөш боюнча деңгээл жогорулап баратканы көрүнүп турат. Ринат Усупжановдун Индиядан келген балбанга утулуп калышы эле бул күрөш тармагынын чоң жетишкендиктерге жетип баратканы көрсөтүп атат. Андан тышкары Жанарбек Кенжеевдин Иордан балбаны менен финалга чыгуу мелдешинде утулуп калышы дагы бул Азия өлкөлөрүндө күрөштүн деңгээли мурдагыдан караганда жогору бийиктикке жеткени белгиленип турат. Буюрса азыр кыздар күрөшүп атат. Бул жерде Жапон жана Кытайдын кыздары үстөмдүк кылып атышат. Биз ийгиликтерди күтүп атабыз. Жакынкы күндөрдө, буюрса, эркин күрөш боюнча башташат. Анда дагы Турарбек уулу Нурлан, Белеков деген жаштар арасында дүйнөнүн мелдештеринин жеңүүчүлөрү бар. Биз ошолордон көптү күтөбүз. Андан тышкары Максат Жакшылыков, Самат Толубаевге окшогон, Алексей Крупниковго окшогон балбандарыбыз бар. Алар дагы ушул кыргыз туусун бийик көтөрөт деген ойдобуз,- дейт Касымкул Оңолбеков.

11-декабрь күнү түштөн кийин жеңил атлетикалык мелдештери да башталды. Спорт күйөрмандарынын үмүтүн жандырып турган 14-Азия оюндарынын чемпиону Татьяна Ефименко бийиктикке секиргени турат. Үч этап секирүүдө Рахима Савди дагы мелдешке катышканы жатат. Кыргызстандык спортчулар бүгүн гребле, фехтование, Ушу-санда, Ушу-сау жана көркөм гимнастика боюнча 15-Азия оюндарынын мелдештеринде Кыргызстандын намысын коргоп жатышат.
XS
SM
MD
LG