Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

ТЕГЕРАНДА ХОЛОКОСТТУН БОЛГОН-БОЛБОГОНУ ТАЛКУУЛАНУУДА


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары 11-декабрда Тегеранда Экинчи Дүйнөлүк Согушта Холокосттун болгон-болбогонун териштирген конференция башталды. Америка Кошмо штаттары, Германия жана жөөт топтору Иранды мындай коференцияны өткөрүп жатканы үчүн кескин сынга алып жатышат.

Конференция өткөрүү демилгесин президент Махмуд Ахмединежат көтөргөн. Жыйынды Ирандын тышкы иштер министрлигин алдындагы Саясий жана Эл Аралык Изилдөөөлөр Институту өткөрүүдө. Анын максаты Холокосттун чыныгы көлөмүн аныктоо. Мындан мурда президент Ахмадинежад Холокосттун болгондугун күмөндөп, аны ойдон чыгарылган "жомок" деп атаган. Иран жөөт мамлекетин тааныбайт жана Холокост деген түшүнүк Жакынкы Чыгышта жөөт мамлекетинин түзүлгөндүгүн актоо максаты менен киргизилген, деп эсептейт.

Маалыматтар боюнча конференцияга газ камераларынын болгондугун төгүндөп келаткан франциялык профессор, Холокосттун ревизионисти, австриялык тарыхчы жана Ку-Клукс-Кландын мурдагы жетекчилеринин бири катышууда. Ирандын маалымат каражаттары конференцияда отуздан ашык өлкөнүн алтымыштай изилдөөчүсү сөз сүйлөөрүн билдиришет.

Конференцияны ачып жатып, Ирандын тышкы иштер министри Манучер Мутаки Ирандын максаты Холокосттун болгонун жокко чыгаруу эмес, Холокост жөнүндөгү пикирлерди ээн-эркин ортого салууга мүмкүндүк ачуу экенин билдирди.

«Конференциянын башкы максаты Европага мүнөздүү тарыхый феномен жөнүндөгү ойлорду ээн-эркин ортого салууга мүмкүндүк берүү» ,- деди Мутаки.

Эгерде Холокост чын эле тарыхый феномен болсо, анда эмне үчүн анын кунун палестиндер төлөп, жабыркашы керек, деп айтты министр.

Конференциянын өткөрүлүшүн Америка Кошмо Штаттары, Германия, жөөт уюмдары жана Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан сынга алды. АКШнын мамдепартаментинин өкүлү МэкКормак бул жыйын Холокост феноменинин оппоненттерине сөз берүү максаты менен өткөрүлүп жатат деген көз карашта.

«Жыйындын максаты - Холокосттун болгондугун төгүндөгөн кишилердин пикирин ачыкка чыгаруу»,-деди ал.

Ал эми Улуттар уюмунун баш катчысынын өкүлү Кофи Аннанга шилтеме берип, Холокосттун болгондугун төгүндөгөндөрдүн баарына катаң жооп кайтаруу керек, деп айтты. 2005-жылы ООНдун Башкы Ассамблеясы Холокостту күмөндөгөн же төгүндөгөн пикирлерди четке каккан резолюция кабыл алган.

Көптөгөн адамдар бул конференцияны Холокосттун курмандыктарына шек келтирүү катары кабыл алышты. Иранда жашаган 25 миң жөөт улутундагы жарандардын өкүлү, парламенттин депутаты Морис Мотамед бул окуя жөөттөрдү өтө капа кылганын билдирди. Байкоочулардын айрымдары, мындай конференция өткөрүү менен Иран өзүн дүйнө коомчулугунан бөлүп атканын айтышат.

XS
SM
MD
LG