Анда өкмөт курамы 15 министрликтен туруп, улуттук коопсуздук, энергетика жана суу ресурстары боюнча өз-өзүнчө министрлик түзүү сунушталган. Министрликтер борбордук жана тармактык деп эки топко бөлүнгөн. Аталган уюмдун жетекчиси Муратбек Иманалиевдин айтымында, бул сунуштар өкмөт башчыга жана парламент депутаттарына берилмекчи.(SM)