Анын жактоочулары экс-депутаттын баш коргоо чарасын өзгөртүү талабы менен бүгүн да пикетке чыгышаарын айтышууда. Өткөн айда депутаттык мандатынан ажыратылган Мамат Орозбаев 8-декабрда Ош шаарында камакка алынып, мурда күнү кечинде ден соолугуна байланыштуу Араван райондук ооруканасына чыгарылган. Ага кызмат абалынан кыянат пайдаланган жана ири өлчөмдөгү мамлекеттик мүлктү уурдаган деген айып тагылууда.(SM)
9:32 Ошто экс-депутат Мамат Орозбаевди камактан бошотууну талап кылган нааразылык акция уланууда