Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

12-ДЕКАБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Шабдан баатырдын 1905-жылкы петициясында белгиленген Россия императорунун жардыгы 1904-жылдын 12-декабрында кабыл алынган. Кыргыз адабиятынын сыймыгы Чынгыз Төрөкулович Айтматов бул күнү туура 78 жашка толот.

Россия императору өлкөдөгү коомдук мамилени жөнгө салуу үчүн 1904-жылдын 12-декабрында маанилүү жардык кабыл алган. Шабдан баатырдын орус бийлигине жолдогон 1905-жылкы петициясында императордун аталган жардыгы белгиленип, ал Түркстандагы мусулман калкына дин эркиндигин алып келгени айтылат. Мындан тышкары, императордун жардыгы менен Түркстан аймагындагы мусулмандар диний жетекчиликти өздөрү каалагандай шайлап алуу мүмкүнчүлүгүнө жетишкен.

Согуш мезгилинде РСФСР менен Украина аймагынан Кыргызстанга бир канча завод, фабрикалар эвакуацияланган. Кыргыз республикасынын жетекчилиги 1941-жылдын 12-декабрында «СССР Наркомпрому, РСФСР жана Украинадан эвакуацияланган жеңил өнөр жай ишканаларын жайгаштыруу туурасында» Токтом кабыл алган. Анын натыжасында, Кыргызстан аймагында ондогон завод, фабрикалар курулуп, кыска аралыкта алар даяр продукция бере баштаган.

1912-жылдын 12-декабрында таанымал коомдук жана саясий ишмер Абды Сүйөркулов жарык дүйнөгө келген. А. Сүйөркуловдун киндик каны кадимки Кетментөбөнүн Торкент кыштагына таамп, ал эмгек чыйырын керектөө кызматынан баштап, 1946-жылы Жогорку партиялык окууну бүткөргөн. Согуштун башталыш жылдары Жалалабад областтык аткаруу комитетинин төрагасы, кийин Кыргызстан КП БКнын катчылык кызматын аткарган. 1950-1958-жж. Кыргыз ССР министрлер кеңешин жетектеп, 1969-жылы пенсияга чыккан.

Кыргыз адабиятынын сыймыгы Чынгыз Төрөкулович Айтматов бул күнү туура 78 жашка толот. Ч. Айтматов 1928-жылдын 12-декабрында Таластын Шекер айлында жарык дүйнөгө келип, 1953-жылы К. И. Скрябин атындагы Айыл чарба институтунун зооветеринардык факультетин бүтүргөн. Улуу жазуучунун чыгармачылык ышкысы студенттик куракта эле башталып, 1952-жылы «Кыргызстан» альманахында анын «Кезитчи Дзюйдо» аңгемеси жарык көргөн. Чынгыз Төрөкуловичтин калеминен жаралган- «Жамийла», «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Эрте жаздагы турналар» сыяктуу чыгармалары дүйнөлүк адабият мурасына айланып, ондогон тилдерге которулуп, миллиондогон тираж менен жарык көрдү. Чынгыз Төрөкулович үч жолку СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, 1988-1990-жылдары «Иностранная литература» журналынын баш редактору, 1990-жылы СССРдин Люксембургдагы элчиси жана бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандын Бельгиядагы элчилик кызматын аткарып келет.

«Пирамида» телеканалынын жамааты 2005-жылдын 12-декабрында Жогорку Кеңештин кашына нааразылык митинг өткөрдү. Алар «Пирамидадан колуң тарт!», «Пирамиданы кордогонго жол бербейбиз!» деген мазмундагы плакаттар менен турушту. Буга чейин компания жетекчилиги «Пирамида» телерадиокомпаниясына президент Курманбек Бакиевдин баласы Максим көз артып атат десе, президенттин басма сөз кызматы ал пикир чындыкка коошпойт деп билдирген.

Бул күнү, Түркмөнстандын эгемендик күнү белгиленип, 1876-жылы П. Н. Яблочков электр свечасын ойлоп таап, 1934-жылы айтылуу акын Анна Ахмадовага «Этна-Таормина» эларалык адабият сыйлыгы тапшырылып, 1972-жылы америкалык «Аполлон-17» космос корабли Айга конуп, 1979-жылы КПСС БК Политбюросу советтик аскерлердин Афганистандан чыгаруу чечимин кабыл алып, 1950-жылы кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмонов жарык дүйнө менен кош айтышкан.
XS
SM
MD
LG