Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

МАНДАТТЫН БААСЫ ЖАНА БАРКЫ


Парламент мүчөлөрү Айдар Акаев менен Мурат Малабаевди депутаттык мандатынан ажыратуу жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын кайрылуусун Жогорку Cот канааттандырды. Жогорку Кеңеш жыйындарына катышпаган депутаттардын маселесин кароо боюнча атайын парламенттик комиссия да түзүлгөн. Эми Борбордук шайлоо комиссиясынын чечиминин негизинде бош калган орундарга парламенттик шайлоо өткөрүлүшү керек.

Өткөн жылкы бийлик алмашуусунан кийин Кыргызстандан сырт жерде баш калкалоого аргасыз болгон экс-президенттин депутат уулу Айдар Акаев Жогорку Кеңештин бир да жыйынына катышкан жок. Ал эми анын кесиптеши Мурат Малабаевдин эмнеликтен чет жерде узак жүрүп калышынын себеп-жөнү белгисиз. Парламенттин регламент жана этика комиссиясынын башчысы Эргеш Төрөбаев М.Малабаев кез-кез Бишкекке дарыланып жаткандыгы тууралуу медициналык күбөлүк кагаздарды жөнөтүп келгендигин билдирди.

- Депутаттык комиссия түзүлгөндө М.Малабаевдин маселеси ал жөнөткөн медициналык справкалар менен такталган. «Ооруп жатат, жугуштуу оору менен ооруп жатат», деген көптөгөн справкалар келген. Ошол справкалардын негизинде М.Малабаевдики жүйөөсү бардай эсептелинип калган.

Парламент депутаттары жыйындарга катышпай келген кесиптештерин депутаттык мандаттан ажыратуу тууралуу маселени быйыл жайкы эки айлык эс алууга чыгарга чукул карашып, бирок да бир чечимге келе алышкан эмес. Анын себеби, депутатты мандатынан ажыратуу өтөле түйшүгү көп, машакаттуу жумуш. Депутат Темир Сариевдин ырасташынча, мунун баары парламент мүчөсүнө кандайдыр бир кысым көрсөтүлүшүнөн коргоо амалында жасалган аракет.

- Борбордук шайлоо комиссиясы шашпай эле койсок болмок. Мандатты алуу жумушу бул өзү сейрек кездешчү нерсе. Бул биздин Айдар Акаевди же Мурат Малабаевди колдоп жаткан жерибиз жок. Бардыгы ачык-айкын, мыйзам чегинде болсун деген эле сөз. Сен элдин сынынан өтүп депутаттык мандат алсаң, анын күчү болушу керек. Аны эл гана өзү ала алгыдай болсун.

Депутат Каныбек Иманалиев жеке керт башынын коопсуздугун ойлоп, аргасыз чет жерде жүрүшкөн парламент мүчөлөрүн сот чечими менен мандатынан ажыратуу мыйзамда так көрсөтүлбөгөн шарт-жагдайларга байланыштуу, деп эсептейт.

- Конституцияда да, регламентте да так көрсөтүлгөн эмес. Мүмкүн алар бул жерге келип депутат катары иштейин деген ою бардыр. Мүмкүн алар жеке коопсуздугун ойлоп, шектенип келе албай жатышкандыр. Ал боюнча депутаттык комиссия өзүнүн чечимин чыгарыш керек эле. Ал эки кесиптештин келейин деген ою бар. Ниети бар.

Парламенттин вице-спикери Таирбек Сарпашевдин айтуусунда, парламент тарабынан түзүлгөн комиссиянын иши жыйынтыктала электе эле Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими чыгып калган соң маселени көпчүлүк, Кемин менен Отузадырдын шайлоочулары чечиши зарыл.

- Аны биз Жогорку Кеңеште башка чечим кабыл алынганча бош орун катары эсептеп жатабыз. Бирок да бул чечим коюлуп, шайлоо болсо жакшы болот эле.

Парламент жыйындарына жүйөөлүү себепсиз катышпай койгондордун тизмесинде депутат Ташкул Керексизовдун да аты аталып келет. Бирок да аны депутаттык мандатынан ажыратуу тууралуу кеп боло элек.

XS
SM
MD
LG