Концерт “Мега kg” продюссердик борбору тарабынан уюштурулду. Өзбек ырчыларын жакындан көрүш үчүн келген элдин көптүгүнөн залда отурганга эмес, турганга орун калган жок. Залдын чекесиндеги жана ортосундагы адам өтүүчү жерлерге да көрүүчүлөр жык толду. Концерт белгиленген убактысынан жарым саат кечигип башталганы аз келгенсип, алгач кыргыз ырчыларын ырдатышып, бийчилерди бийлетишип, көрүүчүлөр өзбек ырчыларынын сахнага чыгышын көпкө чейин күтүштү. Ошентип көптөн кийин кеченин алып баруучусу реп ырларын аткаруучу, өзбек ырчысы Шахриердун сахнага чыгышын жарыялады. Шахриер көрүүчүлөргө репертуарындагы эски чыгармалары менен катар жаңы ырларын да тартуулады.
Бирок коцертке келген көрүүчүлөрдүн көпчүлүгү Шахриердун эмес Шахзоданын күйөрмандары болду. Учурда «Фатима менен Зухра» аттуу өзбек фильми бишкектик киносүйүүчүлөрдүн купулуна толуп турган учуру. Ошого байланыштуу андагы «Хаёт айт» деген ыр да радиотүйүндөрдө, кафелерде жаңырып, көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болду. Мына ушул ырдын аткаруучусу жана фильмде баш каармандын ролун жараткан өзбек эстрада жылдызы Шахзода концерт башталгандан бир жарым саат өткөндөн кийин сахнага чыгып, «Хаёт айт» ырын тартуулады. Кыйкырык-сүрөөн, ышкырык, кол чабуу менен жакшы кабыл алынган бул ырынан кийин Шахзода көрүүчүлөр менен саламдашып, таазим этип, ыраазычылыгын билдирди.
Концерт эки жарым саатка созулганы менен ортолорунда жергиликтүү ырчылар да кошулуп, өзбек ырчылары аз эле ырдашты. 500 сомго чейин билет сатып алганына кайыл болуп кирген көрөрмандар акчасына ичи ачышып калганын айтышты. Алардын айрымдары менен маектешкенибизде концерттин уюштуруучуларына болгон нааразычылыктарын мындайча билдиришти.
Майрам: -450 сомго чейин билет сатылгандан кийин жалаң өзбек ырчылары ырдаса болмок. Кыргыз ырчыларын көрбөй жүргөнсүп, аларды да ырдатып убакытты создуктурушту.
Мунарбек: -Мен билетти 350 сомго сатып алгам. Бир сом да бир тыйындан куралат да, андыктан бул акча мен үчүн кымбат эле. Концерттин деңгээли да төмөн болду.
Көрөрмандардын пикири боюнча билеттердин баасы мынчалык көтөрүлүп, кымбат сатылышы бир жагынан алып сатарлардын да күнөөсү. Ошентсе да көпчүлүктүн бул концертке көңүлү тойгону байкалган жок.