Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:33

АЖЫГА МЫНДАН ДА КӨП КИШИ АЛПАРСА БОЛОТ БЕЛЕ?


11-декабрь күнү ажыга барчулар түшкөн эки учак каттамы Оштон Дубайга учту.Кыргызстанга быйыл дагы 4500 орунга квота бөлүнгөндүгү белгилүү. Саударабстандын консулдук өкүлдөрү 4500 эмес, 4530 адамга виза ачып кеткен. Муну ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штаб чоң ийгилик катары эсептейт. Ал эми айрым диний аалымдар быйыл визаны алда канча арбын алууга мүмкүнчүлүк бар эле деген ойдо.

Ажылык сапарга узатуу учурунда Ош аэропортунан ажылыкты уюштуруу штабынын башчысы, дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Жолборс Жоробеков буларды айтты:

- Биз азыр Ош аэропортунан экинчи каттамдагы адамдарды учакка салып жатабыз. Биринчи каттамда 120 адам кетти. Мында да 120 адам кетет. Эртең 3 каттам жиберебиз. Ал эми Бишкектен болсо учактар Саударабстанга 14-декабрдан баштап учат. Биринчи каттамында ажылыкты уюштуруу боюнча Меке-Мединадагы Кыргызстандын штабында иштөөчүлөр да учат. Алар 8 киши. Дин агенттигинен 3, муфтияттан 3, андан сырткары укук коргоо органдарынын 1 өкүл, 1 дарыгер барат.

Быйыл 4530 адамга ажылык үчүн виза алынгандыгын аз көргөндөр да бар. Белгилүү дин ишмери, эл аралык ислам кызматташтыгы борборунун жетекчиси Садыкжан Камалиддин өткөн жылы ажыга бара албай калган 2000ден ашык киши үчүн өзүнчө квота алуу маселеси коюлуш керек эле деген ойдо.

Кыргызстандыкындай эле сандагы мусулмандары бар Тажикстан 7000 квота алууга жетишкендигин мисалга тартуу менен ал Кыргызстандын ажылыкты уюштуруу штабын сындап өттү.

Ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын башчысы, дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Жолборс Жоробеков бул сын пикир Садыкжан Камаловдун жеке кызыкчылыгына байланыштуу айтылып жатат деп эсептейт. Анын айтуусунда, Садыкжан Камалов көп жылдардан бери Кыргызстандын Саударабстандагы элчиси же консулу болгусу келип жүрүптүр. Мен ал жакта иштесем Кыргызстанга ажылык квотаны арбытып, инвестиция апкелгенге да мүмкүндүк ачат элем деп кыйытып атыптыр.

Садыкжан Камалиддиндин ою боюнча, ошондой эле ажыга баруу чыгымы да быйыл кыйла кымбат болуп калган:

- Өткөн жылы ажылык сапар автобус менен 800 доллар эле. Быйыл автобус менен баруу токтоду. Ошону эске алуу менен Саударабстандагы досторубуз кыргызстандык ажылардын тамак-ашын, жатаканасын бекер кылууга жардам беришүүдө. Самолёт менен да арзан апкелгиле, болбосо былтыркы барбай калгандар каражаты жетпей келбей калышат деп эскерткен эле. Бааны арзан кылалы десек штабда сөзүбүзгө кулак салган киши болбоду. Быйыл ар бир ажы 1538 доллар менен барууда.

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Жолборс Жоробеков ал жерде – калкуляцияда бардык чыгым тыйын-тыпырына чейин ачык көрсөтүлүп турат деген оюн айтуу менен, баага байланыштуу сын-пикирди четке какты. Ошол эле кезде ал визага жетпей калган кыргызстандыктардын Алматыга барып, өз алдынча виза ачтырууга аракет кылып жүргөндүгүн билбестигин эскертти жана 40 чакты адам гана кошумча виза сурап берүү өтүнүчү менен штабга кайрылгандыгын, бирок, кошумча виза берүүдөн Саударабстандын Алматыдагы консулдугу баш тарткандыгын кошумчалады.

Бишкек шаар тургуну Нуралы-ажы Эшматовдун божомолу боюнча быйыл кыргызстандык 500дөй адам виза жетпегендиктен ажыга бара албай калган.
XS
SM
MD
LG