Жогорку Кеңештин алдында Кыргызстандын ХИПК программасына каршы митингге чыккан адамдардын катары калыңдоодо. Азыркы маалга карата жүздөн ашык адам чогулду. Алар колдоруна «Дүйнөлүк Банк+ЭВФ=оккупанттар», HIPC-Кыргызстандын мойнуна сыйыртмак», «Биз тышкы карызды өзүбүз жөндөйбүз» деген ураан-талаптарды көтөрүп турушат. Бул каршылык акциясын негизинен баш калаадагы жаштар уюмдары уюштуруп жатышат.