Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 02:25

ЖАШТАР ХИПИКтен ЖАКШЫЛЫК КҮТПӨЙТ


Кыргызстандын ХИПК программасына киришине каршы болгон жаштардын калың тобу Жогорку Кеңештин алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар колдоруна «Дүйнөлүк Банк+ЭВФ=оккупанттар», HIPC-Кыргызстандын мойнуна сыйыртмак», «Биз тышкы карызды өзүбүз жөндөйбүз» деген ураан-талаптарды көтөрүп турушту. Бул каршылык акциясын негизинен баш калаадагы жаштар уюмдары уюштурушкан. Ага Бишкек шаарынын тургундары, студенттер болуп баш аягы 400дөй адам катышты.

XS
SM
MD
LG