Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

АЗИЯ ОЮНДАРЫ: КЫРГЫЗСТАН 28-ОРУНДА


Кабыл Макешов, Доха Доха шаарында 15-Азия оюндары улантылып жатат. Бүгүн спорттун 22 түрү боюнча мелдештер болуп, анын он биринде финалдык беттешүүлөр болуп, жеңүүчүлөр кечинде аныкталат. Кыргызстандык спортчулар жеңил атлетика, фехтование боюнча жана ушу санда боюнча таймаштарга катышууда.

Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын кыздар командасынын башкы машыктыруучусу, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Базарбек Чалов кыргызстандык кыздардын эмгеги чоң жана өзүбүз ойлогон ой-максатка жеттик деген оюн мындача билдирди:

-15-Азия оюндарына Кыргызстандан 4 салмак боюнча 4 кыз катышты. Даярдыктар канааттандыраарлык, биздин өлкөнүн экономикасына байланыштуу анча-мынча кемчиликтер болду. Бирок ага карабай кыздарыбыз жакшы даярданып, 1 коло медалды Панова Яна жеңип алды. Мен ойлойм, кыздардын эмгеги чоң жана өзүбүз ойлогон ой-максатка жетти. Кандай даярдык болду ошого жараша көрсөткүч болду,-дейт Базарбек Чалов.

Түштөн кийин жеңил атлетика мелдештерине 1500 метрге 14-Азия оюндарынын чемпиону Татьяна Борисова жарышка чыгат. Татьяна Борисова өзүнүн чемпиондук наамын коргоо үчүн аракет кылмакчы. Ушул жарыштарда ийгилик болобу же башка дагы жыйынтыктар болобу, аны спорттук мелдештер көрсөтөт. Учурда Кыргызстан 2 күмүш, 5 коло байгеси менен 28-орунда турат.
XS
SM
MD
LG