Белорус оппозициясынын башка бир лидери Александр Милинкевичке кечээ Сахаров сыйлыгы тапшырылды. Бул сыйлык адам укугун коргоо боюнча Евробиримдиктин эң жогорку сыйлыгы. Милинкевич бул Белоруста эркиндик үчүн күрөшүп, эркинен ажырагандардын жана бийлик кысымынан жапа чеккендердин сыйлыгы деди Страсбургдагы жыйынында.