Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

ЭДУАРД ПОЛЕТАЕВ: КЫРГЫЗСТАН ОРТО АЗИЯНЫН ШВЕЙЦАРИЯСЫНА ЭМЕС, ЧИКАГОСУНА АЙЛАНУУДА


Казакстандык саясат талдоочу Эдуард Полетаев кечээ Бишкекте өткөргөн маалымат жыйынында бай Казакстан жакыр Кыргызстан тараптан келе турган коркунучтардан чочулай баштаганын билдирди. Анын айтымында дүйнөлүк тажрыйба боюнча жакыр өлкөлөрдө пайда болчу диний экстремизм, терроризм жана стабилдүүлүктүн жоктугу, анын айланасындагы кошуна мамлекеттерге да сөзсүз таасирин тийгизет. Казак-кыргыз мамилелери туурасында ой-пикирин бөлүшкөн саясат талдоочу эки өлкөнү кандай гана достук, туугандык мамилелер байланыштырбасын, негизги алакалар саясий жана экономикалык кызыкчылыктарды гана көздөөрүн айтты.

Саясат талдоочу Эдуард Полетаевди Бишкекке Чынара Жакыпова жетектеген Коомдук саясат институту чакырган. Полетаевдин пикиринде Астанада кыргыз-казак мамилесине өтө деле ысык мамиле кылышпайт. Негизинен, акыркы убактарда экономикасы тез өсүп жаткан Казакстан жакынкы кошуналарына караганда Евросоюз сыяктуу чоң күчтөр менен кызматташууга көбүрөөк кызыкдар экендигин көргөзүүдө.

Полетаевдин айтымында, Казакстандын ЕККУнун 2009-жылы өтүүчү жыйынына жетекчилик кылууга ашыгып жатканы, казак футболдук клубдарын УЕФАнын катарына кошууга карата жасалган аракеттер буга күбө. Ал эми Кыргызстанга болгон көңүл кош мамиле, түштүк кошунасынын жакырлыгы жана өлкөдөгү стабилдүүлүктүн жоктугуна байланыштуу:

- Кыргызстан Орто Азиянын Швейцариясынан Орто Азиянын Чикагосуна айлана баштады. Акыркы бир жарым жылда казак басма сөзү Кыргызстандагы чуулгандуу окуяларды Американын боевиктериндей кылып чагылдырып жатышты. Ошондон улам көптөгөн казакстандыктар Кыргызстандын салмактуу, жетишкен мамлекет болуп кетишине ишенишпейт, - дейт Эдуард Полетаев.

Ошондой эле саясат талдоочунун көз карашында ырасмий Астана жакынкы келечекте Кыргызстан тараптан келе турган коркунучтардан чочулап жатат. Адатта артта калган жакыр өлкөлөрдө диний экстремизм менен террорчулук тамыр алып кетет. Ошол себептүү Казакстандан келген инвестициялар бир четинен кыргыз экономикасын биротоло талкаланып калуудан коргоого багытталган:

- Казакстан өзүнүн Кыргызстанга жасаган инвестициясын түштүк кошунасына жардам берүү жана пайда табуу катары гана карабайт. Бул жерде Кыргызстан тараптан келе турган коркунучтардын алдын алуу аракеттери бар. Бай, жетишкен Казакстан жакыр кошунасынан корко баштады.

Кыргызстандык саясат талдоочу Шайырбек Жураев, бийлик өкүлдөрү кыргыз-казак мамилесинде гана эмес, бүтүндөй тышкы саясатты жүргүзүүдө олуттуу иштерди жасабай калышты деген ойдо. Анын айтымында акыркы бир жарым жыл ичинде кыргыз бийлиги ички саясаты менен гана алек болуп келет. Ошол себептүү өнүгүү жолундагы башка өлкөлөр Кыргызстан менен тең укукта кызматташкысы келбейт:

- Чындыгында бүгүн менин оюмча Кыргызстан Казакстан үчүн да башка өлкөлөр үчүн да тең укуктуу кызматташ өлкө катары каралбай калды. Биринчиден, айта кете турган нерсе тышкы мамилелерде эч биздин саясатыбыз жок. Азыркы бийликтин тышкы саясатында бир стратегиялык план деген көрүнбөйт. Кыска убактагы пайда алып келүүчү нерселерди көздөп, стратегиялык пландарды жокко чыгарып коюп жатышат.

Ошентип айрым саясат талдоочулар кандай болгон күндө да Кыргызстанга эң биринчи жардамга келе турган өлкө катары Казакстанды көрсөтүшүүдө. Былтыр президент Курманбек Бакиевдин кызматка киришүүсүнө байланыштуу уюштурулган салтанатка казак президенти Нурсултан Назарбаев келип катышып, колдоо көрсөткөн эле. Анда Назарбаевден башка бир дагы президент Кыргызстандын жаңы президентинин ант берүү аземине катышкан эмес.

XS
SM
MD
LG