Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:07

ОШ: АЖЫЛЫК САПАР БАШТАЛДЫ


Кубанычбек Жолдошов, Ош 12-декабрдан баштап Ош аба дарбазасынан ажы сапарына аттангандардын алгачкы топтору бир канча авиа багыттар боюнча Мекке-Мединага жөнөп кете баштады. Зыяратчылардын арасында өткөн жылы ажыга аттанып, бирок сапарды уюштуруудагы баш-аламандыктардан улам бара албай калгандар да бар.

Ажыга жөнөгөндөрдүн жана аларды узатуучулардын көптүгүнөн Ош аэропортундагы кыймыл бир кыйла жандуу. Бул жылы адаттагыдан айырмаланып ар бир зыяратчы Кыргызстандан келгендигин билдирген англис тилиндеги төш белги, атайын кийим менен камсыз болуп, аларга жол жүрүүнүн шарттары жана ажы сапарынын эрежелери боюнча түшүнүк берилди.

Өткөн жылы ажы сапарына чыгам деп бирок орун алган баш-аламандыктан улам материалдык жана моралдык жактан зыянга учураган Ноокаттык аксакал Абуталип Бусурманов быйыл бир кыйла абал жакшыргандыгын белгилеп өттү.

-Былтыркы жылы жолдошторум менен Бишкекке чейин барып, ар кандай себептер менен ажыга бара албай калганбыз. Кайта келгенбиз. Бир топ кыйынчылыктарды тарттык. Мына быйылкы жылы дагы Алла насип кылса чогуу жөнөп жатабыз. Быйылкы жылга мен өтө ыраазымын. Тартип деңгээли жакшы,- деди зыяратчы Абуталип Бусурманов.

Атайын нускоо боюнча элүү адамдан турган ар бир топко бирден ажы башчы дайындалып, алар ажы сапарын ишке ашырууга жана уюштурууга жооптуу болуп эсептелишет. Атайын конкурстун негизинде ажы башчылык милдети тагылган топтун жетекчилери учаар алдында зыяратчылар менен ажы сапарынын эрежелери, аба лайнеринде учуунун шарттары жана зыярат кылуудагы негизги өзгөчөлүктөр тууралуу түшүндүрмө беришти.

-Куда кааласа Мединага жетип алсак алгач Арафат тоосуна чыгып сыйынып, андан соң Меккеде ажылыктын бир катар амалдарын кылган соң эле кайрадан кайтып келебиз. Биздин ажы сапарынын топтору Иордания аркылуу учуп бара турган болдук. Аба каттамын 260 орундуу англис аба жолдорунун учагы аткармакчы болуп жатат,- деди ажы башчылык милдетти аркалап бара жаткан Ош шаарынын казысы Рахматулла ажы Касымов.

Ош шаарындагы ажы сапарын уюштуруу боюнча штабдын маалыматына караганда Ош аба дарбазасынан зыяратчылар Ош-Сауд Арабиясы, Ош-Иордания жана Ош -Түркия багыттары боюнча авиакаттамдар аркылуу учуп чыгышат. Болжол менен авиарейстерди онго жакын чет элдик авиакомпаниялардын учактары аткарат. Ажылыкты уюштуруу боюнча штабдын мүчөсү Жусуп ажы Султанов ажы сапарын уюштуруу, транспорт жана мейманканалар менен зыяратчыларды камсыздоо милдеттерин быйыл тендерден утуп алган төрт жергиликтүү фирма аткара тургандыгын белгилеп өттү.

-Тендерди утуп алгандар төртөө. Бул «Ибинсина», «Гарант», «Сапартур, жана Жалалабаттын зонасында «Жалалабат» фирмасы. Ажылыкты биз уюштуруп бердик. Аларды транспорт менен камсыз кылып, мейманканаларды дайындап ушундай кызмат кылууга берүүгө гана чакырылган фирмалар боуп эсептелет,- дейт Жусуп ажы Султанов.

Аталган ажы сапарын уюштуруу боюнча уюмдун маалыматына караганда, түштүк аймагындагы зыяратчыларды жөнөтүү төрт этап менен 16-декабрга чейин жүргүзүлмөкчү.
XS
SM
MD
LG