Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

“ЖООКЕРЛЕР ОБОН СОЗГОНДО -2006”


Бүгүн Бишкекте аскер ырларынын “Жоокерлер обон созгондо -2006” республикалык үчүнчү фестивалы башталат.

Фестивалды Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин Республикалык “Манас” жаштар ордосу уюштурууда. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин ички аскерлер курамынын, Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин, Адилет министрлигинин Кайтаруу жана Күзөт Департаментинин бардык бөлүктөрү катышат. Фестивалдын талабына ылайык катышуучулар чыгармалардан көркөм окуп, дастан айтып, улуттук жана дүйнө элдеринин бийлеринен бийлешип, аскердик патриоттук ырлардан аткарышы керек.

“Манас” жаштар ордосунун башкы адиси Бакыт Рамановдун айтымында калыстар тобунунун курамында ар бир номинация боюнча адистер бар. Мына ушул калыстар тобунун чечими менен жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар, баалуу белектер жана фестивалдын дипломдору тапшырылат. Бул сыйлыктар 15-декабрда улуттук филармонияда өтүүчү салтанатта тапшырылып, жеңүүчүлөрдүн жыйынтык концерти менен коштолот.

Аскер кызматчыларынын моралдык духун жана аскер кызматынын кадыр-баркын көтөрүү, жаштарды патриоттулуукка чакыруу максатында уюштурулган бул фестиваль быйыл үчүнчү ирет өткөнү турат. Бул жолу мурдакы өткөн фестивалдарга караганда жогорку деңгээлде өтөт, себеби жобосуна өзгөртүүлөр киргизилди, дейт “Манас” жаштар ордосунун башкы адиси Бакыт Раманов.
XS
SM
MD
LG