“ХИПКке мүчө болуу биздин улуттук рухубузду, арнамысыбызды кордойт”. Бүгүн ушундай кайрылууну “Эркиндик”, “Таза коом”, Дыйкандар жана фермерлердин партиясы өндүү бир нече саясий уюмдар президентке жолдошту. Анда тышкы карыздан кутулуунун башка альтернативалуу жолун табуу керек деп айтылган. Аталган саясий партиялар Кыргызстан ХИПКке кирсе экономикалык абал ого бетер начарлап, жумушсуздук көбөйүп, инвесторлор качат деп эсептешет.