Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:54

КАМАККА АЛУУГА КИМ САНКЦИЯ БЕРЕТ: ПРОКУРОРБУ ЖЕ СОТПУ?


Конституциянын жаңы редакциясына ылайык камакка алууга сот гана уруксат берет. Бирок, учурда прокуратура кызматы эски мыйзамдарга ылайык санкция берүүнү улантууда. Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров муну менен прокуратура Конституцияны бузууда деп айыптоодо.

Конституциянын жаңы редакциясы 9-ноябрда кол коюлгандан кийин күчүнө кирген. Анын 15 беренесинде «Эч ким соттун чечимисиз камакка алынбайт. Камакка алынган киши 24 сааттын ичинде сотко алынып келинип, камакка алуунун мыйзамдуулугу аныкталууга тийиш» деп жазылган. Депутат Бекназаров прокуратура конституциянын мына ушул талабын бузууда дейт:

"9-ноябрдан бери бул жобо аткарылбай Конституция одоно түрдө бузулуп келатат. Мурдагыдай эле кармап прокуратурага алып келип атышат, үч күнгө чейин ИВСте жатып калып атат. Буга эч ким көңүл бурган жери жок. Ошондуктан мен кечээ күнү бийлик өкүлдөрүнө эскерттим, Конституция, адам укуктары одоно бузулуп жатканын. 24 сааттык ичинде ар бир кармалган адам сотко апкелиниш керек".

Бирок, Башкы прокуратура мындай айыптоону кабыл албасын билдирүүдө. Башкы прокурордун басма сөз катчысы Токтогул Какчакеев буга карата мындай жүйөөнү келтирди:

"Конституция бекитилген менен Кылмыш кодекси, Кылмыш-жазык кодекси, башка мыйзамдар өзгөртүлө элек. Ошолорду карап, Конституцияга тууралаш керек да. Эми мырза Бекназаров өзүнүн шериктери, депутаттар менен өзгөртүү киргизиш керек. Анан ал ишке кирет".

Азимбек Бекназаровдун айтымында, ал тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү жана кошумчаларды киргизүү боюнча долбоорду даярдап койду. Бирок аны Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук боюнча комитет кароону кечиктирүүдө:

"Мен бардык керектүү мыйзам долбоорлорду киргизип койгонмун. Ошону караш керек. Бирок Масалиевдин комитет карабай жатат" .

Ал эми комитет төрагасы Исхак Масалиев мыйзамдар алты айдын ичинде Конституцияга ылайыкташтырылыш керектигин белгилейт:

"Эми биз алты айдын ичинде мыйзамдарды кабыл алышыбыз керек. Ошол мыйзамдар менен ким кайсы учурда кандай аракет жасаш керектиги такталат. Ошондуктан бул жерде маселе бар. Тезирээк кабыл алышыбыз керек. Каралбаган мыйзамдарды карайбыз. Азимбек Анаркуловичтин башка мыйзамдар боюнча кичине туура эмес айтып жатат. Кабыл алып атабыз. Карап атабыз".

Президент алдындагы адам укуктар боюнча комиссия төрагасы Турсунбек Акун маселе мыйзамдар Конституцияга ылайыкташтырылганда чечилет деген пикирде: "Эми бул жерде баарыбыздын аракетибиз керек. Кээ бир депутаттардын сын-пикирлери да туура. Бирок эски мыйзамдарды конституцияга ылайыкташтыра турган мыйзамдык актылар, жобо, жардыктар керек. Мыйзамсыз аткарылыш кыйын. Алты айдын ичинде мыйзамдар, жоболор иштелип чыгыш керек. Ага чейин чыдай туралы".
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG