Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:09

МАРАТ КАЗАКБАЕВ: САЯСИЙ КҮРӨШ ТОКТОБОЙТ


Саясат таануучу Марат Казакбаев менен кабарчыбыз Уланбек Алымкул уулу өлкөдөгү саясий кырдаал, тирештер тууралуу маектешкен.

-Марат мырза жаңы Конституциянын кабыл алынышы акыркы бир жарым жылдан берки саясий жараяндарды жыйынтыктап, тыныгуу алып келгендей болду. Бирок ошол эле учурда “Реформа үчүн” кыймылына келген саясатчылар алардын жактоочуларын куугунтуктоо күчөп жатканын айтышууда. Алар билдирүү жасап, бийликти эсине келүүгө да чакырышты. Сиздин баамыңыздарда саясий тирештер Кыргызстанда келерки шайлоого чейин токтодубу же кайра жанданышы мүмкүнбү?

-Конституциянын жаңы редакциясы чыкты. Бирок, ар кайсы маселелерден проблема чыгып жатат. Ошону аткарса болмок. Эң чоң проблема “ХИПИК” программасы чечилбей жатат.

-“ХИПИК” программасы боюнча кызуу талкуулар жүрүп жатат. Жаштар нааразылык акцияларын өткөрүүдө. Бул экономикалык маселе бирок, Кыргызстанды саясий түз алып кетиши да азыркы бийликке ишенимдин жоктугунан жаралып жатабы?

-Менин оюмча азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Коомчулукта ага каршы акция жүрүп жатат. Менин оюмча ал программаны жакшылап окуп, жакшылап түшүнүп чыгыш керек. Башка дүйнөлүк тажрыйбасы бар өлкөлөр менен байланышып, билиш керек. Африка мамлекеттери кандайча иштеп жатышат. Алардын тажрыйбасына караганда, алардын деле карызы турат. Мен ойлойм Кыргызстан бул программага кирбей эле койсо болмок. Биздин экономикабыз, билим берүү аларга салыштырмалуу жакшыраак.

-Сиз айткандай сүйлөшүүлөр чын эле аяктап калды. Каржы министри Акылбек Жапаров айтып жатат, шарттар келерки аптадан тартып басма сөз беттерине толук басылат. Ошондө биз өкмөт өкүлдөрү “ХИПИКке” каршы чыгып жаткан адистер, саясатчылар, башкалар менен ачык сүйлөшүулөргө даярбыз деди. Башка маселелерден парламент өзүнүн структурасын кайра түзөп, комитет менен комиссиялардын санын жыйырмадан ашырды. Эми бул жаңы Конституцияга ылайыкталып жаткан иш. Бирок, алардын бирине да оппозициядагы депутаттар барган жок. Мунун себебин сиз эмнеден көрөөр элеңиз? Ошол топко кирген депутаттардын айрымдары айтып жатат, саясий күрөштүн уланарынын белгиси деп.

-Мен дагы ошондой деген ойдомун. Саясий күрөш болуп жатат. Жаңы Конституция структура түзүлдү. Депутаттар таза мыйзам түрүндө иштешсе болмок. Бирок оппозиция кайра каршы чыгып жатат. Алар тарайбыз деп жатпайбы.

XS
SM
MD
LG