Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

КЫРГЫЗ ЖЕРИ ӨЗБЕК КАЧКЫНДАРЫНА КООПСУЗ ЖАЙ ЭМЕС


Кыргызстандагы качкындардын басымдуу бөлүгү Өзбекстандан качып келгендер. Бишкек шаарында эле саясий куугунтуктоолорго туш болуп, баш паанек сурап келген өзбекстандыктардын элүүгө чукул үйбүлөсү жашайт. Айрым укук коргоочулар өлкөнүн түштүк аймагында эч жерде каттоодо турбаган өзбек качкындардын саны миңден аша турганын айтышууда. Саясий куугунтук жеген качкындардын айтымында, Өзбекстан коңшу мамлекет болгондуктан алар үчүн Кыргызстанда калуу да кооптуу болуп калды.

Кыргызстанга баш паанек сурап келишкен өзбекстандык качкындардын айткандарына караганда бүгүнкү күнү алардын маселеси бир жаңсыл чечилбей, созулуп барат. Өзбекстандын оппозициялык маанайдагы “Эрк” саясий партиясынын Бухара облусу боюнча жетекчиси Насрулло Саидов, өзбекстандык качкындарга Кыргызстан тараптан качкын деген статус берилбей жатканын, БУУ да аларды үчүнчү өлкөлөргө чыгарып кетүү иштерин алигиче жасабаганын айтты:

- Кыргызстандын мыйзамы боюнча бир жылдын ичинде качып келген адамга качкын деген статус берилиши керек. Бирок, бир жылдан өтсө да Кыргызстан мага мындай статус берген жок. Ошентсе да БУУ мага мындай статусту берди. Бирок, БУУ бизди үчүнчү өлкөлөргө чыгарып жибериши керек эле. Азыр БУУ да ушул ишти жасабай отурат.

Дагы бир өзбекстандык качкын Тагбай Раззаковдун айтымында, өзбек бийлигинен куугунтук жеген адамдардын Кыргызстанда калуусу эч мүмкүн эмес. Анткени, өзбек бийлиги аларды ар кандай жолдор менен артка алып кетип, жазага тартышы мүмкүн:

- 2006-жылы май айында саясий качкын катары качып келдим. Саясий баш паанек сурадым. Эгер Өзбекстанда калганымда мен камалып калат элем. Ошентсе да, биздин бул жерде калуубуз мүмкүн эмес, бул жакта калуу да биз үчүн кооптуу.

Бириккен Улуттар Уюмунун качкындардын укуктарын коргоо боюнча комиссарынын кеңешчиси Виталий Масловскийдин айтымында, негизинен Кыргызстандагы качкындардын арасынан өзбекстандык качкындардын абалы оор. Качкындардын арасынан айрымдары жоголуп кетип, Өзбекстандын абагында жаткандыгы тууралуу далилдер пайда болууда:

- Качан гана мамлекет качкындардын коопсуздугун сактай албай калганда гана биз аларды көчүрүү маселесин карайбыз. Жай айларында Ош шаарында айрым адамдар жоголуп кетип атышкан. Бизде алардын Өзбекстандын абактарында жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар. Бул окуя бизди тынчсыздандырып, өзбек качкындарынын коопсуздугу тууралуу ойлорубузду өзгөрттү. Алардын көбү көчүрүп кетүү алдында турушат, - дейт Виталий Масловский.

Ал эми Мигарция жана калкты иш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчисинин орун басары Досмир Өзбековдун пикиринде, качкындардын көбү бир гана качкын деген статусту алып, чет өлкөлөргө кетүүнү көздөшөт:

- Статус издеп жүргөн качкындардын көбү биздин жарандыкты талап кылышпайт. Эмне үчүн дегенде көбүнчө качкын деген статус алгандан кийин, алар эларалык уюмдарга кайрылып, башка мамлекеттерге кеткенге аракет кылышат.

Бириккен Улуттар Уюмунун качкындардын укуктарын коргоо комитетинин маалыматы боюнча, учурда Кыргызстанда болжол менен эки миңден ашуун качкын бар.

XS
SM
MD
LG