Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:05

БАЛКАРЛАР : ЖЕ ЫНТЫМАК ЖОК, ЖЕ ЫРЫС ЖОК


Жаныл Жусубжан Түрк тилдүү балкарлар үч ирет Орусиянын Кабардино-Балкар жумуриятын экиге бөлүү сунушу менен чыгышкан. Жумуриятта калктын он бир гана пайызын түзгөн балкарлардын улуттук кайра жаралышына жумушусуздук менен катар, ич арасында ынтымагы жок болгондугу да кесепетин тийгизип жаткан шекилдүү.

Балкарлар кыргыздарга бөтөн эл эмес. Тили тектеш бул элди Сталин 1943-44-жылдары Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга айдап, тукум курут кыла жаздаган. Балкарлар советтик бийликтин алгачкы 3-4 жылында гана өз алдына округ болгону болбосо, 1936-жылы кабардиндер менен бир автоном жумуриятына бириктирилген.

1990-жылдары балкарлардын улуттук конгресси эки ирет өз алдынча аймак түзүү чакырыгы менен чыккан, бирок 900 миң калктын 55 пайызын түзгөн, ошого жараша жумурияттын жетекчилигинде басымдуулук кылган кабардиндер бул сунушту кабылдаган эмес.

Балкарлардын саясий жетекчилери өз арасынан ынтымагы жок. Балкарлардын улуттук конгрессинин башчысы, отставкадагы генерал Супян Беппаев мындан 10 жыл мурда бул кызматтан баш тарткан. Ошол тапта балкарлардын Тере улуттук партиясына тыюу салынып, бир нече таанымал балкар активисттери камакка алынган.

1996-2000-жылдары балкарлардын кызыкчылыгын жактаган Балкариянын Мамлекеттик кеңеши деген жаңы уюм пайда болду, бирок ал жумурияттын Жогорку Сотунун өкүмү менен үстүбүздөгү жылы жоюлуп калды. Уюмдун жетекчиси Расул Жаппуев саясий ишмердүүлүгүн токтоткон жок, Балкария уюму да иштеп жатат.

Өткөн айда Балкария жана орусиялык укук коргоочулар Маскөөдө демонстрация өткөрүп, Кабардино-Балкарияда райондорду жоюп, кайра түзүү жана жерди жеке менчиктештирүү боюнча мыйзамдарга нааразылык билдиришти. Аларга жумурияттын баш калаасы Нальчикте мындай акция өткөрүүгө уруксат берилген эмес.

Жаппиев жумурияттын президенти Арсен Каноковдун балкарлар отурукташкан жана алардын ата-бабаларынын сөөгү коюлган жерлерди жеке менчикке сатуу ниетин айыптады.

Балкарлардын 94 пайызы жумушсуз экендиги да жумурияттагы кырдаалды курчуткан факторлордун бири. Балкария уюмунун дагы бир белгилүү өкүлү Бозиев жакында Орусиянын жетекчилерине жана укук коргоочуларга кайрылып, райондорду кайра бөлүштүрүү жөнүндөгү мыйзамды күчүнөн кетирүүгө, ошондой эле репрессияланган элдер тууралуу 1991-жылы кабыл алынган мыйзамдарды ишке ашырууга чакырды.

Маскөөдөгү демонстрацияга 80 чакты киши, негизинен жаштар катышты. Бирок балкарлардын кызыкчылыгын коргойбуз деген Алан уюму 30-ноябрда Балкарияны жана Балкар элинин аксакалдар кеңешин экөөнү тең "койдун терисин жамынган карышкырлар" деп айыптап чыкты. Ошол эле учурда Алан уюмунун Борбордук кеңеши Кабардино-Балкар республикасынын саясатына кыйшаюсуз колдоо билдирип, "бул саясат буга чейин топтолгон бардык проблемаларды чечүүгө багытталган" деп айтылган билдирүү таркатты.

XS
SM
MD
LG