Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:53

ХИПИКке КИРҮҮГӨ ЭМНЕ ҮЧҮН КАРШЫЛЫК ЧОҢ?


ХИПИК программасына кирүүдөн баш тартуу боюнча жарандык коом тарабынан уюштурулуп жаткан иш-чаралар уланууда. Кечээ, 13 – декабрда Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар ХИПИКке байланыштуу эл аралык жана жергиликтүү эксперттердин, коомдук ишмерлердин катышуусунда тегерек үстөл өткөрүштү. Кыргызстанды ХИПИК программасына киргизүү шарттары боюнча Дүйнөлүк банктын миссиясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр өткөн жумада аяктаган.

“ХИПИКке каршыбыз” демилге тобу уюштурган тегерек үстөлгө Дүйнөлүк банктын, Эл аралык валюта фондунун, Улуттук банктын жана кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү чакырылганы менен келишкен жок. Ал эми тегерек үстөлдүн катышуучулары он беш жыл ичинде Кыргызстандын мойнуна илинген карыз өлкөнүн экономикасына эч кандай пайда алып келбегендигин белгилеп жатышты. Мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов Кыргызстандын акыбалы чынында начар, бирок ХИПИКке кирбей эле бул акыбалдан чыгууга болот деп эсептейт:

-Эл ХИПИК тууралуу маалыматтын жоктугунан ага каршы болуп жатат деген ойлор туура эмес. Эл он беш жыл ичинде Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банктын Кыргызстанга берген “жардамы” иш жүзүндө кандай болгонун өз жон териси менен сезип, түшүнгөн. Ошондуктан, булар Кыргызстанга бир дагы жакшылык кылбай тургандыгын түшүнгөн эл ХИПИКке түшүнүп эле каршы болуп жатат.

Тегерек үстөлдүн катышуучулары өлкөнү бул акыбалга элге ачык айтпай, баарын жең ичинен бүтүрүп келген бийлик апкелди деген пикирлерди айтып жатышты. Адам укугун коргоо боюнча бюро жетекчиси Наталья Аблова кыргыз өкмөтү бүгүнкү күндө дагы ХИПИКке кирүүнүн шарттарын жашырып жаткандыгын белгилеп, элге таттуу калптан көрө өз учурунда ачуу чындыкты айткан жакшы экендигин белгиледи:

- Биздин өкмөт бүгүнкү абал тууралуу баарын ачык айтышы керек. Кандай ачуу болбосун, эл чындыкты билиши керек. Болбосо өкмөт коомчулуктун ишеничинен чыгып калат.

Ал эми көз карандысыз эксперттердин бири Улан Рыскелдиев ХИПИК тууралуу маалыматтардын ачык айтылбай жаткандыгы коомчулуктун дүрбөлөңүнө алып келип жатат дейт. Анын сөзү боюнча ХИПИК болгону тышкы карызды жоюунун бир жолу гана:

-Бардык эле тышкы карызы бар өлкөлөр кредиторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул кадимки эле процесс. Мына ушул процесстин бири—ХИПИК. Ал тышкы карыздын көп бөлүгүн жоюуга мүмкүнчүлүк бергени менен артык. Ал эми ХИПИКти минтип саясатташтыруу өкмөт тарабынан ХИПИК тууралуу маалыматтын кенен берилбегендигинен улам келип чыгууда.

Кыргызстанды ХИПИК программасына киргизүү боюнча кыргыз өкмөтү менен эл аралык валюта фондунун жана дүйнөлүк банктын ортосундагы сүйлөшүүлөр өткөн жумада аягына чыккан. Каржы жана экономика министри Акылбек Жапаровдун “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча, бул программага кириши үчүн Кыргызстанга коюлуп жаткан талаптардын арасында энергетика тармагындагы жоготууларды азайтуу, электр кубатына бааны көтөрүү сыяктуу шарттар да бар.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG