Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:55

АКШда ТАЛАПКЕРЛЕР КАТАРГА ТИЗИЛЕ БАШТАДЫ


Президент Жорж Буштун бийликтеги мандаты бүтөрүнө дагы эки жыл бар. Бирок АКШнын эмдиги мамлекет башчысы болгусу келгендер азыртан эле катарга тизиле башташты. Айрымдары президенттикке талапкерлигин көрсөтөрүн ачык жарыялашса, калгандары дагы ойлонуп көрөрүн айтышууда.

АКШда президенттик шайлоодо мамлекет башчысынын кызмат ордун талашуу үчүн талапкерлер адегенде өз партиясынан мандат алууга тийиш.Республикачылардын башкы талапкери болот деп Нью-Йорктун мурдагы шаар башчысы Рудольф Жулиани аталууда. Бирок ал ушул азыр же жакынкы айларда эмес,эмдиги жылы бир жаңсыл чечимге келерин маалымдады.

Кокус Жулиани жарышка түшүүнү чечсе,ага республикачылардын мандатын өз партиялашы, сенатор Жон Маккэйн менен талашканга туура келиши мүмкүн. Маккэйн коомдук пикирдин баш терисин байкап көргөнү атайын иликтөө тобун түздү. “Мен такай айтып келаткандай, талапкер болор-болбосумду эмдиги жылдын башында чечем”, деп билдирди ал.

Республикачылардан дагы бир өкүл – Массачусетс штатынын губернатору Митт Румнэй да – талапкерлик мандатты талашканга ниеттенүүдө. Бирок анын жалпы өлкөгө төбөсү көрүнө элек.

Оппозициядагы демократиялык партиядан Иллинойс штатынан биринчи ирет сенаторлукка шайланган Бурок Обаманын башкы талапкер болгонго бир топ огожосу бар дешет. “Эгер талапкерлигимди койчу болсом, муну ачык айтам,азырынча чече элекмин”, - дейт ал. Обама 45те, өтүмдүү жана алымдуу дешет,апасы америкалык актардын уркунан, атасы кениялык заңгарлардан.

Эгер эле Обама күрөшкө түшөр болсо,анда сенатор Хиллари Клинтон анын негизги атаандашы болушу ыктымал. Хиллари айым азырынча өз ниети тууралуу ак же көк деп айта элек,бирок анын демократтардын бирден-бир талапкери болору эл оозунда кеңири айтылып жүрөт.

Демократтар партиясынан талапкер болгусу келерин азырынча Айова штатынын губернатору Том Вилсак гана ырасмий түрдө жарыялады. Деген менен ал улуттук масштабда кеңири таанымалдыгы жок.

Вашингтондогу саясий изилдөө борборундагы демократия институтунун директору Патрик Башам президенттик өнөктүктүн бу жолу мынчалык эрте башталганын көпчүлүк талапкерлердин көңкү шайлоочуларга көп белгилүү эместиги менен байланыштырат. Мындан тышкары мамлекет башчысы болгусу келгендерге,өзгөчө республикалык партиянын өкүлдөрүнө президент Буштун саясатына байланыштуу өз позицияларын эртелеп тактап-аныктап алганга туура келет. Буш экинчи мөөнөткө шайланарда абдан популярдуу эле, бирок акыркы эки жылда анын кадыры бир топ төмөндөп кетти.

Байкоочулар Ирак проблемасы эмдиги президенттик шайлоодо чечүүчү фактор болору калетсиз дешет. Бирок алдыдагы эки жылда көп нерсе өзгөрүп кетиши да ыктымал.

XS
SM
MD
LG