Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

ОРУСИЯНЫН КҮЧ ОРГАНДАРЫ ЭКСТРЕМИЗГЕ КАРШЫ ЧАБУУЛГА ЧЫГЫШТЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Москванын Басман райондук соту Анатолий Чубайска кол салган деп айыпталып аткандардын төртүнчү кишисин кармоого санкция берди. Ошол уруксаттын негизинде тарых илими боюнча аспирантурада окуп аткан Иван Миронов 11-декабрде кармалды. Чубайска кол салуу өткөн жылдын март айында болсо да анын тергөөсү аягына чыга элек. Анализчилер болжолунда бул жолку кармоонун жакында президент Владимир Путиндин өлкөдө экстремизм менен күрөштү күчөтүү керек деген көрсөтмөсүнө тийешеси бар.

Орусияда бул күндөрү ата-бала Мироновдордун камакка алынышы көп кеп болууда. Атасы – Ельциндин тушунда Орусиянын басма сөз министри болуп туруп ашкан улутчул болуп кеткенде өкүмөт аны кызматтан алууга аргасыз болгон - Борис Миронов. Аны бул күндөрү Новосибирск облусунда өткөн шайлоодо «жарандардын 92 пайызы орус болуп туруп губернаторуңар – орус эмес»,деген үгүт баракчасын таркатып жүргөн жеринен кармашкан.
Ордо калаада анын уулун да кармалган.

Чындыгында ал былтыр Анатолий Чубайска кол салууга катышкан төрт кишинин бири катары кармалган. Баса, тергөө учурунда кармалгандардын бири - Орусиянын башкы чалгындоо башкармасынын полковниги Владимир Квачков ачык эле: «Чубайска кол салуу – улуттук боштондук үчүн согуштун бир түрү», деп айткан.

Мироновдун адвокаты Виктор Выскребцов муну бийлик атайылап «Орусиялык патриоттордун атасын жаманатты кылыш үчүн жасалып аткан саясий жалаа» деп баалайт.

Дүйшөмбүдө президент Владимир Путин күч органдарын тейлечү министрлери менен жолугушуп олтуруп экстремисттик топтогу кылмыштуулукка сокку урууга кез келди деп билдирди.

Анализчилер муну кийинки учурда чынында эле экстремизмдин жайылып баратышынан дешет. Анна Политковская, Александр Литвиненконун өлүмү, Тимур Гайдардын ууланышы түткү болду дешет.

Кай бирлери болсо бул, кадимки эле 2007-жылы өтө турган парламентти шайлоого карата көрүлүп аткан Кремлдин даярдыгы дешет.

«Экстремизм менен күрөшүү компаниясы - чындап эле экстремизм менен күрөшүү эмес да. Бул кандайдыр быр күрөш жүргүзүүгө окшоштуруу болот», - дейт анализчи Владимир Прибыловский.

Басма сөз каражаттарына болуп келе жаткан кысымды бийлик ушул компаниянын шылтоосу менен жарым жартылай жеңилдеткени атыптыр деген ойду «Независимая газета» жазат.

XS
SM
MD
LG