Адамдар чындыкка караганда жалганга көбүрөөк ишенет. Айрыкча кыргыз. Калпты өзгөчө калк башында тургандар катыра айтат. Акаев да ошенткен. Кыргызстанды үч жылда Швейцария кылам деген. Кыргыз ишенип, ураалап жер тепкилеген. Акыры алданганын кеч түшүндү. Швейцария болбой эле акыры шымы шыпырылып калганда тушүндү. Бүгүн Бакиев да ушунтип бакылдап атыр.
Парламенттин жүрөк үшүн алуу менен улуттук-мамлекеттик кызыкчылыкка жол бербеген чечимдерди ошол «өз» парламенти аркылуу өткөрүү… маселен ХИПИК программасы, электр тармактары менен кенбайлыктарын сатуу, менчиктөө…ж.б. Бакиев кыргыздын жалкоо бабуиндерин африкалык, латынамерикалык өлкөлөрдөй гүлдөтөбүз деп атат, ал эми ишке жарды, кыялга бай каржы министри А.Жапаров дегенинин тили тим эле чаң шыпырууда, дейт "Алас" гезити.
Эгер ХИПИКке кирсе жалпы кыргыз эли тентип кетип, мамлекет жок болорун, анан ажайып Арстанбап токоюнан, керемет Ысык-Көлунөн, Ала-Тоонун ак калпак мөңгүлөрүнөн, көк кашка сууларынан ажырарын, ХИПИКТИН бери дегенде эле 110 талабы болсо анын 70и мамлекетти башкарууга арналганын, эгер азыркы Бакиев бийлиги ХИПИКке кире турган болсо анда өткөн 2005-жылдын 24-мартындагыдан жаман окуя кайталанарын, мурдагы президент калкын карызга батырып коюп карабашын калкалап качып жүргөнүн, бүгүн дал ошол элин каракчыдай талап-тоногон Акаев менен анын жан-жөкөрлөрү уурдаган дүйнөнү мамлекетке кайтаручу мезгил келгендигин айтып чыкты мударис Кусейин Исаев, «Алас» гезити аркылуу.
Ушул эле гезит Акаев бир кезде «Асаба» гезитин аксакал Турдакун Усубалиевдин колу менен жаптырганын, Бакиев болсо «атамекенчил» Калпетовду Бекешов ажынын колу менен КГБнын капканына салып бергенин, Коңгантиевдин прокуратурасы ага мамлекеттик кызмат адамына кол көтөргөн ээнбаш катары кылмыш ишин козгоп, УКК төрагасы Суталинов «мамлекеттик чыккынсы» катары КГБнын абагына камап тынышканын, эгер андай болсо, 24-мартта Бекешовдон беш эсе чоң мамлекеттик кызматкер Б.Жанузаков менен Улуттук гвардия колбашчысы, генерал А. Чотбаевди өлөрчө тепкилегендерге эмне үчүн кылмыш ишин козгошпойт, маркум Рысбек Акматбаев Акүй алдында өкмөт башчысы генерал Куловдун жүрөгүнүн үшүн алып, колуңду жулуп алам деп зекип турганда Суталинов кайда эле, ноябрда НТС аркылуу бүт дүйнөгө көргөзгөн эмесин эмне үчүн ошондо Рысбекке көргөзалган жок?- деген суроо коюп жазды.
«Лица» гезити ХИПИКтин айланасында ар кандай аңыз кеп күч алганын, маселен, бул программаны парламентте колдоп добуш берчү депутатка далдалчылар 150 миң доллар, өкмөттөн алып өтчү «саткындарга» 500 миң доллардан ашуун пара сунуш калып атыптыр, «жел жүрбөсө чөптүн башы качан кыймылдачу эле?» деп маалымат таратты.. Баса, ушул эле гезит кечээ эле Акаев баш болуп, Бакиев төш болуп, ошондо да бүгүнкү оппозициядагы депутаттар каршы болгондугуна карабай туруп Кытайга сатылган Үзөңгү- Кууш дайрасына кытайлар ГЭС сала баштаганын, ата-бабалар мурастап калтырган кайран кыргыз жеринин кен байлыктарын изилдөө иштери жүрүп жаткандыгын кабарлады.
«Апта» гезити, аалым Чоюн Өмүралиевге сөз берген, Чоюн мырза кыргыз элинин, анын мамлекетинин жолуна оңурайган ор казылып коюлганын, ага кирүү үчүн жетелеп бараткандар элди Африка менен Латын Америкасынын эли сыяктуу сабатсыз, караңгы ойлоп атканын, кыргызды буга киргизүү оңойго турбасын айткан.