Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

АЗИЯ ОЮНДАРЫНДА МАСЕЛЕНИ МАФИЯ ЧЕЧИП ЖАТАБЫ?


Кабыл Макешов, Доха

14-декабрда Дохада 15-Азия оюндарынын эркин күрөш боюнча мелдештери төрт салмак категориясы боюнча улантылды. 13-декабрда 96 кг салмакта Алексей Крупников коло медалга татыктуу болсо, бүгүн жеңил салмакта күрөшкөн жаштар арасында дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Турарбек уулу Нурлан биринчи беттешүүдө Түштүк Кореялык балбанга утулуп калды. 66 кг салмакта өлкө намысын коргоп жаткан жаштар арасында дүйнө биринчилигинин жеңүүчүсү Орунбек Белеков алгачкы күч сынашууда жапон балбанына аз упай менен жеңилип калды. Бирок, жапон балбаны финалга чыккандыктан Орунбек үчүнчү орун үчүн Казакстандык атаандашы Спиридонов менен күрөшүп андан да утулуп калды.

84 кг салмактагы балбандардын мөөрөй талашуусунда ирактык атаандашын уткан Самат Толубаев чейрек финалга чейин чыгып, Кытайлык Ху менен күрөштү. Самат атаандашын 2:0 эсебинде утуп, жарым финалга чыккан. Бирок ал жарым финалда Өзбекстандык Саур Сохиевге жеңилип, баш байгеге талапкердин бири болбой калды. Самат кечинде коло медаль үчүн күрөшкө чыгат. Оор салмакта жаштар арасында Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Урмат Мусапаев биринчи беттешүүдө дүйнө чемпиону индиялык балбанга туш болуп, акыркы мүнөттөрдө жаштык кылып, атаандашына алдырып койду.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, улуттук олимпиада комитетинин аткаруу комитетинин мүчөсү, “Дордой” спорт клубунун президенти Шаршен Касенов 15-Азия оюндарында мафия, коррупциянын бар экенин байкагандыгын мындайча тастыктады:

-Биздин балбандар аракет кылып, жакшы күрөшүп жатышат. Бирок бул жакта кыйын болуп жатат. Калыстар тобу эл аралык күрөш федерациянын өкүлдөрү бир аз начар иштеп коюп жатышат. Биринчиден, грек-рим күрөштө алтын медаль бизге тие турган жерден тартып алышты. Кечээ 13-декабрда биздин балбан Крупников күрөшкө чыкканда ага туура эмес жерден бир упай берип, ал эми Өзбекстандын легионери кавказдык жигитке тартып коюшту. Болбогон жерден бир упайды берип коюшту. Бүт эл аны көрдү. Бүгүн дагы бир, эки жерден бизди күрөштүрбөй тартып алышты. Бизден жаш балдар күрөшкө чыгып жатышты. Өзгөчө айткым келип турат. Мен Азия федерациясынын президентин чакырып алып президент Локсар Алинов, эркин күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев болуп аябай сүйлөшүп, бардык зарылчылыкты айттык. Азия чемпионаты бизге берилгенде биз ушундай мафия, коррупция аралашкан оюнду өткөрбөйбүз деген маселени койдук,- дейт Шаршен Касенов.

Бүгүн Кыргызстандык спортчулардан Александр Степанов түштөн кийин гребле кайык жарышында баш байге үчүн мелдешке катышат. Фехтованиеден өлкөнүн жигиттер командасы түштөн кийин салгылашууга чыгышат. Бүгүн 17 спорттун түрү боюнча жеңүүчүлөр аныкталат.

Жалпы командалык биринчиликти Кытай Эл Республикасынын командасы ишенимдүү ээлеп турат. Түштүк Корея экинчи, Жапон өлкөсү үчүнчү, Казакстан 21 алтын, 15 күмүш, 37 коло байгенин ээси болуп төртүнчү орунда ишенимдүү турушат. Өзбекстан 8 алтын, 11 күмүш, 12 коло байгелүү болду. Кыргызстан 2 күмүш, 6 коло байгеси менен 28-орунда турат.
XS
SM
MD
LG