Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:38

КЕЛЕРКИ ЖЫЛЫ ӨЗБЕКСТАНДАН ГАЗ 100 ДОЛЛАРДАН КЕЛЕТ


Кыргызстан келерки жылы Өзбекстан газынын миң куб метрин жүз доллардан сатып алууга макулдук берди. Тараптар бул маселени шаршембиде Ташкенде вице-премьер министрлердин деңгээлинде макулдашты. Октябрь айынан бери уланып келаткан сүйлөшүүлөрдүн мындай тыянагын кыргыз тарап жетишкендик катары баалады. Өлкө өтүп бараткан жыл үчүн газды Өзбекстандан 55 доллардан сатып алып жагып жатат.

Кыргызстан тараптан өкмөттүк делегацияны баштап барган биринчи вице-премьер министр Данияр Үсөновдун айтымында, бул жолку сүйлөшүүлөр өтө оор, бирок, жемиштүү болду. Анткени, эки өкмөт газ боюнча ортомчусуз бетме-бет макулдашууга жетишти:

- Акыркы үч жылда кыргыз менен өзбек биринчи жолу расмий түрдө кыргыз менен өзбек контракт түздүк.

Ага ылайык Кыргызстан кошуна өлкөдөн быйылкыдан 100 млн. куб метрге көп, башкача айтканда 850 млн. куб метр газ алат. Газ наркынын былтыркыдан эки эсеге жакын кымбатташын комиссия мүчөлөрү региондогу газ рыногундагы кадырэсе көрүнүш деп эсептешүүдө.

«Кыргызгаз» ишканасынын башчысы Игорь Чудиновдун айтымында, учурда бир дагы ишкана отундун газдан башка түрүн пайдаланууга даяр эмес. Мындай жагдайда Өзбекстан газын пайдалануудан башка жол жок:

- Биздин аймактагы рынокто жакынкы беш жылда Өзбек газынан башка газ болбойт деп ойлойм. Муну бири-биринен эч ким жашырган да жок, биз муну так түшүнүшүбүз керек. Экинчиден КМШ мамлекеттеринде газга жүз доллардан арзан баа бар бекен?

Мунун дагы бир себеби, айрым көз караштарда айтылып жаткандай, Кыргызстандын негизги байлыктарынын бири саналган өңчөй электр энергиясы менен Кыргызстанды багууга шарт жок дейт «Электр станциялар» ишканасынын башчысы Сапарбек Балкибеков:

- Тамак-ашка жана жарык берүүгө гана эсептелген союз мезгилинен келаткан электр зымдарын азыр биз дароо эле электр жылытууга же суу кайнатууга өткөрсөк, курулган электр тармактары чыдабай күйүп кетет.

Өкмөттүк комиссиянын жетекчиси, биринчи вице-премьер министр Данияр Үсөнов газдын кымбатташынан чочулабоого, чакырып, ал элдин турмушуна өзгөчө таасир жтпейт деп ишендирди. Анын айтымында, өкмөт калктын оорчулукка кирептер болчу катмарын компенсациялоонун жолдорун караштырып жатат.

Расмий жетекчилер ушундай оптимисттик маанайда турушат. Бирок, газга баанын көтөрүлүшү каржылык олуттуу кыйынчылыктарды жаратары тууралуу газ кымбаттары маалым болгон акыркы эки-үч айдан бери коомчулукта кеңири сөз жүрүүдө. Айрым саясатчылар газдын кымбатташына жараша жылуулук, электр энергиясы үчүн акы жогорулап, азык0түлүк кымбаттап, бул өз кезегинде инфляцияын өсүшүнө кирептер кылышы мүмкүн деп болжошууда. Алар өксүктү электр энергиясын тышка сатуу аркылуу чыгууга болорун айтышууда. Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына караганда, быйыл 2,3 млрд квт саат электр энергиясын сатты. Өзбекстан менен ушул жолку жолугушууда бул өңүттө келерки жыл үчүн макулдашуу болду:

- 20-майдан 10-сентябрга чейин Токтогул ГЭСинен 1,5 миллиард куб сууну Өзбекстан үчүн кое берет. Ошонун эсебинен пайда болгон 1,3 млрд квт саат электр энергияны Өзбекстан акча төлөп, сатып алат. Анын наркы өзбектер үчүн 1,1 цент болот.

Данияр Үсөновдун мындай баада сатуу Кыргызстан үчүн пайда берет деген ишеними бар. Бирок, Жогорку Кеңештин депутаты Арзыбек Буркановду бул дегеле канагаттандырбайт, кыргыз элинин кызыкчылыгына дал келбей жатат дейт:

- Энергетика негизинен жакырчылыктан чыгарып, турмушту оңдой турган негизги тармактардын бири болуп эсептелет. Эгерде биз Өзбекстанга мындайча айтканда 38 тыйындан сатып, өзүбүздүн элибизге 70 тыйындын тегерегинде бергенибиз туура эмес саясат деп ойлойм. Мен үчүн бул таптакыр түшүнүксүз.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG