Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:04

АДАМ УКУКТАРЫ: АКШнын ЖАҢЫ ДЕМИЛГЕСИ


Кечээ – бейшемби күнү – адам укуктарынын эл аралык апталыгы башталды. Вашингтондо мамлекеттик катчы Кондолиза Райс дүйнөдө адам укуктарын жана демократияны чыңдоого көмөк көрсөтүүгө арналган АКШнын өкмөттүк жаңы демилегелерин жарыялады.

АКШ өкмөтү, биринчиден,жарандык уюмдардын он принцибин аныктады.Бул жадыбалдын жардамы менен мамлекеттик департамент дүйнөдөгү өлкөлөр бейөкмөттүк уюмдарга кандай мамиле жасарын аныктап турат. Мындан тышкары “Эркиндикти коргоочулар сыйлыгы” уюштурулду, ал жалаң чет элдик уюмдарга жана активисттерге ыйгарылат. Үчүнчүдөн, укук коргоочулардын атайын кору түзүлдү. Фонддун көлөмү азырынча бир миллион долларга барабар. Анын башкы максаты – кыйын-кыстоо абалга туш болгон уюмдарга жана активисттерге колдоо көрсөтүүдө турат. Бул фондду мамлекеттик департамент башкарат. Бийликтердин куугунтугуна кабылып, укук коргоочулар чукул жардамга,айталы,сот,медицина чыгымдарын жапканга же өз үй-бүлөсүн коргогонго муктаж болгондо бул фонддон аларга чакан гранттар бөлүнөт.

АКШ өкмөтүнүн бул демилгелерин жарыялап жатып,мамлекеттик катчы Кондолиза Райс граждандык уюмдардын ишине жогору баа берди жана дүйнө жүзүнө эркиндикти жайылтууда алар тарыхый жигердүүлүктү көрсөтүп жатканын белгиледи.

“Дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдө башын тобокелге салып, башка да кыйынчылыктарга кайыл болуп, бейөкмөттүк уюмдар менен граждандык активисттер адам укуктарын коргоп, бийликтердин кыянатчылыктарына каршы күрөшүп жатышат,- деп айтты Райс. - Алар азчылыктын, жумушчулар менен аялдардын таламын талашып, адам соодасын токтотконго умтулушууда. Алар граждандык айкын коом курушууда, адилет жана эркин шайлоо өткөрүүнү талап кылып,жоопкерчиликтүү, мыйзамга таянган демократиялык мамлекет түзүүнү көздөшүүдө”.

Быйылкы жумалык Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 56 жылдыгына арналып өткөрүлүүдө.

XS
SM
MD
LG