Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:33

БАШЫҢ ХИПИКТЕ, БУТУҢ ТУПИКТЕБИ?


«Белый параход» гезити биринчи бетиндеги макаласын «Курманбек Бакиев жана биздеги газ туңгуюгу» деп атап, жаңырган жылдын элге берген биринчи белеги газдын миң кубометринин мурдагы 50 доллардын ордуна 100 долларга кымбатташы болгонун, ошол эле учурда коңшуларга сатылып келаткан электр энергиясынын 1 киловатт-саатынын наркы 0,9 центке төмөндөп кеткенин, мына ушундай «марттыктын» аркасында Өзбекстанга сатылып жаткан 1,1 миллиард киловат-саат электр энергиясынан түшкөн каражат Бишкек ТЭЦине жага турган отундун чыгымын араң жабаарын, эми жакындан бери өзбектер бизден алуучу электрэнергиянын көлөмүн дагы эки эсеге көбөйтүүнү талап кыла баштаганын, мына ушинтип Акүйдө олтуруп алып эл тагдырын чеччү жетекчилер коңшулар менен тең ата сүйлөшө албагандын кесепетинен калк карайлап жатканын жазат.

«Дело №» гезити мамлекеттик катчы А.Мадумаров Арабаев атындагы жогорку окуу жайындагы жолугушууда Кыргызстандын массалык маалымат каражаттары жакшылыкты жазуунун ордуна жалаң эле жамандык издеп калышканын, маселен, ХИПИК менен Конституцияны түшүнбөгөндөрү деле талкууга алып киришкенин, Казакстан менен Америкада да массалык маалымат каражаттары өзүлөрүн мынчалык ээ-жайкын сезбестигин, айткан сөздөрүнө коментарий берген гезит, учурунда так ушундай эле сөздү Акаевдин сүймөнчүгү эсептелген экс-мамкатчы О.Ибраимов да айтканын азыркы мамлекеттик катчынын эсине салган.

«Энесай» гезити цинктелген зымдын 1 тоннасын Кыргызстандын фирмалары 35-40 миң сомдон сатышарын, ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги анын бир тоннасын 75 миң сомдон сатып алып жатканын, демек ортодон түшкөн акча министр Ж.Рүстөнбековдун ортомчу фирмалары аркылуу жеп-ичилип жатканын баяндаган.

«МСН» гезити медицина илимдеринин доктору Омарбай Нарбековдун ХИПИК программасына кирүүгө каршы ойлорун жарыялаган. Ал өз сөзүндө бул программага кирүү менен кыргыздар укум-тукумун ыктыярдуу түрдө кулчулукка байлап берип жаткандыгын, кыргыз элинин тагдыры ишенип тапшырылган жетекчилер эртеңки күндү жакшылап ойлонуп, ага кирүү дегенди токтотуп, тышкы карыздан кутулуунун башка жолдорун издөө керек деген сунушун айткан.
XS
SM
MD
LG