Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:43

ИРАНДА ШАЙЛОО ӨТҮП ЖАТАТ


Жаңыл Жусупжан, Прага Иранда бүгүн жергиликтүү кеңештерге жана таасирлүү диний органдарга шайлоо өтү жатат. Бул президент Махмуд Ахмединежад былтыр бийликке келгенден берки алгачкы добуш берүү. Ошондуктан анын жыйынтыгына жараша президенттин атаандаштарына колдоонун өскөн-өспөгөндүгү белгилүү болмокчу. Ошол эле убакта бул шайлоо өлкөнүн саясатына түз таасир тийгизбейт.

Бул эки шайлоодон таасирлүү диний орган болгон Эксперттер же Билермандар Жыйынына добуш берүүнүн мааниси чоң, себеби 86 мүчөдөн турган бул орган өлкөнүн эң кубаттуу бийлик өкүлү болгон жалпы Улуттук аятолланы бекитет, анын ишин тейлейт, ал тургай аны иштен ала алат.

Ошондуктан Аятолла Хаменейи ушул шаршембиде өлкөнүн душмандары ирандыктарды шайлоого катышуудан баш тартууга үгүттөп жатат деп буларды кошумчалады:

– Эл бул душмандардын көздөгөн максатын билип, ага тескерисинен иш кылышы керек. Иншалла, жума күнү эл шайлоого чечкиндүүлүк жана шерденүү менен катышат.

Бирок, байкоочулар белгилегендей, эгер жергиликтүү органдардыкы менен бир убакта болбогондо, Билермандардын жыйынын шайлоого киши көп деле келмек эмес. Келген күндө да ирандыктар бул шайлоодон алардын жашоосу өзгөрөөрүнө ишене албайт. Себеби бул орган жылына эки жолу жыйын өткөрөт, бирок өз чечимдери же иш-аракеттери тууралуу элге эч кандай маалымат бербейт!

Дагы бир жагдай, ирандыктар Билермандар жыйынын түз шайлайт, бирок талапкерлерди шайлоочулардын алдында жооп бербеген Көзөмөл кеңеши тандайт. Бул ирет кеңеш Билермандар жыйынына 160 кишинин талапкердигин жактырды. Шайлоого катышууга берген арызы четке кагылган 340 чакты кишинин көбү же реформисттер же диний фундаменталисттер болгон.

Айрым саясий топтор, анын ичинде реформист студенттердин башкы уюму болгон Биримдикти бекемдөө кеңсеси шайлоо эркин же акыйкат болбойт деп жарыялап, ага катышуудан баш тарткан.

Тегеран университетинин саясий илимдер профессору Саде Зибакаламдын айтымында, бүгүнкү шайлоодо негизги атаандаштык Аятолла Хаменейинин диний акылчысы болгон Аятолла Мохаммад Таги Месбах менен, буларга салыштырганда сабырдуу жана прагматикалык турумдагы экс-президент Али Акбар Хашеми Рафсанжанинин колдоочуларынын ортосунда жүрөт деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG