Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 12:53

КЫРГЫЗСТАН АЗИЯ ОЮНДАРЫНДА 28-ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ


Кабыл Макешов, Доха 15-декабрда Азия оюндарынын футбол боюнча акыркы мелдеши болду. Алтын медалдар үчүн Ирак менен Катардын командалары ат салышат. Ушуну менен 15-Азия оюндары жыйынтыкталат.

15-Азия оюндары дагы соңуна чыгып калды. Бул окуя Азия спортунда тарых болуп калмакчы. Бүгүн баскетбол жана футбол боюнча мелдештердин жеңүүчүлөрү аныкталып жатат. Дохада түштөн кийин катарлыктар баш байге үчүн кытайлык команда менен ойноп жатышат.

Азиянын тарыхында алгачкы ирет футболдон катарлык жигиттер финалга чыгышып, Ирактын футболчулары баш байге үчүн намыс талашып жатышат. Кечинде Азия олимпиадасынын жабылуу салтанаты болмокчу. Ошентип, Дохада 15-Азия оюндары спорттун 39 түрү боюнча өтүп, 45 өлкөнүн спортчулары катышып, 36 өлкө байгелүү орундарга жетишти.

Баш байгени жеңип алган кытайлыктар медалдардын теңинен көбүн утуп алышты. Алар 163 алтын, 88 күмүш жана 63 коло байгелүү болушту. 2-орундагы Түштүк Кореянын 58 алтыны, 53 күмүшү жана 82 коло медалы бар. Жапондуктар үчүнчү, Казакстан төртүнчү орунду ээледи. Дохада казак спортчулары 23 алтын, 19 күмүш, 43 коло байгелүү болушту. Өзбекстан өлкөсү 11 алтын, 14 күмүш, 14 коло медаль менен 7-орунга көтөрүлүштү.

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы, жеңил отлетика боюнча өлкөнүн федерациясынын президенти Канат Аманкуловдун пикиринде Кыргызстандын курама командасы орто жетишкендикке жетти жейт:


-Биздин Кыргызстандын курама командаларынын жетишкендиктери орто деп жыйынтыкка келдик. Пландаштырган деңгээлге жептей калдык. Алтын медаль албай калдык. Биздин спортсмендер эгемендүүлүк алгандан кийин илгерки спорт чеберлерибиз кеткенден кийин жетишкендиги жакшы деп эсептесек болот. Жалпы эсеп менен 8 медаль алдык. Анын ичинде 2 күмүш, 6 коло медалга жеттик. Жалпы командалык байгеде 28-орунда болуп калдык. Биздин улуттук команда жана жетекчилер салтанаттуу жабылышка катышып, 16-декабрда Кыргызстанга сапар алабыз. Азыр болсо Эл аралык олимпиадалык уюмдун жана башка мамлекеттин олимпиада улуттарынын жетекчилери менен жолугушуулар болуп жатат,- дейт Канат Аманкулов.

Ошентип, 15-Азия оюндары дагы кыргыз спорту үчүн чоң сыноо болду. Спорт жетекчилердин айтымында кемчиликтерден жыйынтык чыгарып, 2008-жылы Пекинде болуучу жайкы олимпиадалык оюндарга азыртан даярдык көрүү зарылдыгы белгиленди. Эмки 16-Азия оюндары Кытайдын Хуанжу шаарында 2010-жылы болмокчу.
XS
SM
MD
LG