Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

ЛИРА РАЙЫМБЕКОВА - ҮЧТЕРЕКТИН БИР КЫЗЫ


Акыркы он беш жылдан бери эжелүү-сиңдилүү ырчылар Райымбековалардын ысымдары ыр сүйүүчүлөрдүн арасында сыймыктануу менен айтылып келет. Бүгүнкү түрмөктүн мейманы Кыргыз Улуттук филармониясынын таанымал ырчысы Лира Райымбекова.

Бүгүнкү күндө келишкен келбеттери, Алатоонун мөл булактарындай тунук үндөрү, аткаруучулук чеберчиликтери, ырдаган ырларынын көркөмдүүлүгү, көп түстүүлүгү менен угуучулардын урматтолоруна ээ болуп, алкоолоруна арзып келе жатышкан ырчылар, эжелүү-сиңдилүү Райымбековалар.

Анапия баш, Дилбар төш болгон бир туугандар бойлору, өңдөрү, үндөрү, ырдоо чеберчиликтери жактарынан биринен-бири өткөн ыр үчүн төрөлгөн шайырлардан. Ошондуктан жүздөгөн кыргыз угармандары Райымбековаларды “Токтогулдун торгойлору” дешип, эркелетишет.

Анапия, Лира, Дилбар элдик обончулардын ырларын комуздун, оркестрдин, эстрада топторунун коштоосунда ырдашат. Лира айым Токтогул чөлкөмүнүн Өзгөрүш айылында төкмө акындын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Ал он беш жылдан бери элдик шайырлардын бешигине айланган Кыргыз Улуттук Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын Алымкул Үсөнбаев атындагы “Эл шайырлар” тобунда ырчы болуп эмгектенет. Лира айым менен жолугушуп, ал жайды сурашкандан кийин акыркы кездеги жаңы репертуарлары кайсыл обончулардын ырларын аткарып жүргөнүн суранымда ал мындайча жооп узатты:

-Мен азыркы кезде өзүмдүн кесиптешим обончу, ырчы Дүйшөнбек Үкүевдин махабат менен жаратылышты айкалыштыра чыгарган “Аёо” аттуу ырын аткарып жүрөм,-




- Лира айым, сахнанын босогосун аттагандан ырчы аталгандан бери көптөгөн обончулардын ырларын аткарып жүрөсүң. Ар бир ырчынын сүйгөн обончусу, ырчысы болорун өзүң жакшы билесиң...

-Ооба, чыгармачылык адам болгондон кийин өзүм ырларын сүйүп ырдаган обончуларым бар. Ошолордун бири маркум Алтымыш Кадыров эле. Анын бир топ ырларын алгачкылардан сахнага алып чыктым. Алтымыштын обондору тунуктугу, жугумдуулугу, мукамдуулугу менен жагат. Кадыровдун мен ырдап жүргөн ырларынын ичинен мага аябай жакканы жан дүйнөм менен берилип, эргип ырдап жүргөнүм “Жангым келет” деген ыры



Өзүңө жаккым келет,


Мээримимди төккүм келет.


Шыбырап кулагыңа,


Сүйүүмдү төккүм келет.


Шыбырап кулагыңа.


Сүйүүмдү төккүм келет.



Жаныңа баргым келет,


Жаш болуп жангым келет.


От чачкан карегиңден,


Түбөлүк болгум келет.


От чачкан карегиңден,


Түбөлүк болгум келет.



- Лира айым, эжең Анапиянын, өзүңдүн, сиңдиң Дилбардын бүгүнкүдөй республикага белгилүү ырчылардан болушуңарга ким таасир этти, ким насаатчы болду?

-Биринчиден биздин ырчы болушубузга атабыз Кадыркул, ал таланттуу адам болгон. Ошондуктан үчөөбүзгө тең ыр дүйнөсү жакын болду. Атабыздын атын өчүрбөй ырдап келе жатабыз. Маркум атам төкмө акын, комузчу, дастанчы болгон. Ушундан улам үчөөбүзгө атабыздын чыгармачылыгы бизге биринчи булак болду деп эсептейм. Экинчиден, эжекебиз Анапия эл алдына алгачкылардан ырдап чыкты. Ошентип биз да “эжени көрүп, сиңди өсөт” болуп эжекебиздин жолун жолдоп, ыр дүйнөсүндө эмгектенип келе жатабыз. Биздин устатыбыз, насаатчыбыз Анапия эже болду,- дейт Лира Райымбекова.
XS
SM
MD
LG