Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:00

КЫРГЫЗСТАН-ОРУСИЯ: ЭКОНОМИКАЛЫК АЛАКАДАН ҮМҮТТҮН ШООЛАСЫ КӨРҮНӨТ


Орусиялык «Газпром» компаниясы Кыргызстанда мунай, газ кендерин чалгындоо иштерине 10 миллион доллар акча бөлдү. РАО ЕЭС компаниясынын каржылык колдоосу менен «ГЭС» долбоорунун техника-экономикалык негиздемеси даярдалууда. Мындан тышкары Миңкуштагы уулуу зат калдыктары сакталган жерлерди тазалоо иштери башталмакчы.

Орусиялык РАО ЕЭС компаниясынын адистери ушу тапта Камбарата ГЭСтеринин курулушун аягына чыгарууга канча каражат талап кылынарын иликтеп жатышканын кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы Сергей Кириенко маалымдады.

- «Камбарата – 1, «Камбарата – 2» ГЭС долбоорлору уникалдуу иш-чаралардан. Жарым жыл мурда бул теориялык гана долбоор болсо, азыр ал чынга чыгууда, биргелешкен кыйла иштер бүткөрүлдү. Түштүк Азия рыногунун шарты эске алынды. Пакистан менен Кытайдын түндүк аймактарынын керектөөсү көбөйүп баратат. Ооганстан да бар. Тийиштүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Биз азыр бул долбоордун маанисин жакшы билебиз,-дейт Кириенко.

Антип долбоор маанисине өзгөчө басым коюунун маани-жайын Кыргызстандын премьер-министри Феликс Кулов мындайча чечмеледи:

- Биздин боордош Тажикстанда 2 – 3 жылдан эң ири ГЭС курмак болуп жатышат. Андай болсо Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясын экспорттоо биз үчүн проблема болуп калат. Ошон үчүн биз ырааттан чыкпашыбыз керек.

Курулушу аягына чыгарылчу эки ГЭСтин техникалык маселелерин тактоого бир жылдык убакыт сарп кылынат. Андан соң гана курулуш иштери башталмакчы. Айтса, орусиялык ишкерлер Каракече жылуулук электр станциясын курууга да куштар. Нарындын өйдөңкү агымында курулчу ири электр станцияларынан Кытайдын түндүк тарабына жөнөтүлчү электр энергиясына Каракече жылуулук электр станциясы да көмөк көрсөтүп турат.

Жалаң эле электр энергиясына көңүл бурулбай, эми орусиялык «Газпром» компаниясы Майлуусуу менен Кочкората шаарларынын жанындагы мунай, газ чыкчу аймактарды чалгындап чыгууга 10 миллион доллар акча бөлүп, бул иштер эмдиги жылдан тарта башталмакчы.

«Газпромнефть Азия» компаниясынын жетекчиси Болот Абилдаевдин айтуусунда, изилдөөнүн жыйынтыгы кандай чыгарын алдын-ала айтыш кыйын.

- Кен чалгындоо көрсөтөт. Азыр эч ким айта албайт. Алдын-ала айтыш өтө кыйын да. Совет мезгилинде изилденген документтердин негизинде изилденет. Негизинен ушу Кочкоратанын тегереги,-деди Болот Абилдаев.


Мунай, газ тармагында кыйла жылдар иштеп келген ири адис, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Апас Жумагулов бул иштен сөзсүз майнап чыгат деген пикирде.

- Ошол эле Майлусуунун тегерегинде, ошол эле Кочкоратанын тегерегинде абдан перспективалуу жерлер бар. Ошол жерлерден мунай да, газ да чыгышы мүмкүн. Ошол «Майлусуу – 4» деген жерде илгери газ болгон,- дейт Жумагулов мырза.

Кыйла жылдардан бери кеп болуп, сөздөн ишке өтө албай келаткан ГЭСтер курулушу менен мунай, газ кендерин чалгындоо иштерине эми жол ачылды. Анын жыйынтыгы кандай болорун эмдиги жыл көрсөтмөкчү.

XS
SM
MD
LG