Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

16:30 Кыргыз энергиясы Орусияга кайрадан экспорттоло баштайт


Кыргызстандын “Электр станциялары” жана “Улуттук электро станциялар” акционердик коомдору Орусиянын “Интер РАО ЕЭС” ишканасы менен биргеликте Орусияга Казакстан аркылуу электр энергиясын сатуу боюнча 2007-жылдын 1-майына чейин тиешелүү документтерди даярдашат. Бул маселе Орусиянын атомдук энергетика агенттигинин башчысы Сергей Кириенко менен болгон сүйлөшүүдө айтылды. Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына караганда Алтай крайынын бийлиги Кыргызстандын электр энергиясын бир кв саатын 1,5 центтен сатып алууга кызыкдар экендигин билдирген. Орусияга электр энергиясын сатуу 2006-жылы эки тараптын баа боюнча бир пикирге келише албагандыгынан улам токтоп калган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG