Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:47

ОШ: БУЙУРТМА АДАМ ӨЛТҮРҮҮЛӨРДҮН БЕТИ АЧЫЛБАЙ ЖАТАТ


Кубанычбек Жолдошов, Ош Буйрутма менен адам өлтүрүү кылмыштарынын бетин ачууга мүмкүнчүлүктөр бар, бирок, тиешелүү шарттар жок. Бул маселе Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында айтылды. Мындан сырткары тартип коргоо кызматкерлери паракорчулукка жана жем корлукка каршы күрөшүүдө жалпы улуттук деңгээлде демилге жетпей жаткандыктан улам укуктук талаада буйдалып жатышкандыктарын ачык айтышты.

2005-жылдын март айынан бери Ошто коомдук резонанс пайда кылган буйрутма адам өлтүрүү боюнча беш кылмыш иши катталып, бүгүнкү күнгө чейин анын бирөө гана ачылган. Милициянын полковниги Уран Алиевдин, Карасуу базарынын башчысы Абдалим Жунусовдун, Ош шаардык Кеңешинин депутаты, жеке ишкер Айбек Алимжановдун өмүрүнө кол салган буйрутма менен адам өлтүрүүчүлөрдүн бети али күнгө чейин ачылбай келет.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Малик Нурдинов полковник Уран Алиевди атып өлтүргөн кылмышкерлер тууралуу маалыматтар толук такталып бүткөнү менен аны издеп табуу үчүн тиешелүү шарттар болбой жатканын билдирди:

-Полковник Уран Алиевдин өлүмүнө шектүү деп такталган маалымат бар. Бирок, ал кылмышты кылган атуулдар бул жерде жок. Бул кылмыш боюнча Орусиянын бир облусуна барып, ал кишини кармап келгенге акча каражатынан кыйналып турабыз,- деди кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Малик Нурдинов.

Мындан сырткары шаардык милиция жетекчилиги жыл жыйынтыгын чыгарып жатып, жалпы кылмыштуулуктун бетин ачууда бир катар жылыштар байкалгандыгын белгиледи.

Анткен менен журналисттердин айрымдары укук коргоо органдарын ири экономикалык кылмыштардын бетин ачууда “киттерди” кармай албай, “чабактарды” торго тутуу менен гана чектелип жатышкандыктарын айыптаган суроолорду беришти. Шаардын баш милициясы Рустам Мырзаматов башка кылмыштардан айырмаланып паракорчулуктун жана жем корлуктун бетин ачуу бир кыйла татаал экендигин айтып, буга чейин укуктук талаадагы бир катар чаташуулардан улам буйдалып келишкендиктерин моюнга алды:

-Жакында Жогорку Кеңеште ушул маселени карашып, бул мыйзамга өзгөртүү киргизип берди. Мындан кийин андан чоң “киттерин” кармаганга мүмкүнчүлүк болот. Ош шаарынын мурдагы мэри Чырмашевдин иши боюнча азыркы күндө прокуратуранын козголгон иши тергелип жатат. Ал акырына жетет. Сотко жеткириле турган иштер бар,- дейт Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Рустам Мырзаматов.

Шаардык милициянын жетекчилиги айлык акынын аздыгынан жана социалдык жеңилдиктердин жоктугунан 2006-жылы 61 дасыккан милиция кызматкери өзүнүн каалосу боюнча жумуш ордун таштап кеткендигин белгилеп, тажрыйбалуу адистерди кармап калуу үчүн мүмкүнчүлүктөр болбой жаткандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG