ХIХ кылымдын экинчи жарымында Кыргызстанга келген сүрөтчү жана жазуучу Николай Каразин мындагы жер шарты, адамдардын жашоо турмушу туурасында баалуу маалымат калтырган. Ал 1867-жылдын бул күнү Александровский, башкача айтканда Кыргыз Алатоосунун түштүк тарабындагы Токмокко келгендигин кабарлаган. Анын жазганына караганда, кыргыздар өздөрүнүн айылында бекинип жатканды калашпайт. Алар он чакты түтүнгө баш кошуп, суу жээктей орун алышат жана кыргыздардын айылдары эбегейсиз аймакка созулуп кетет. Мындан тышкары, Н. Каразиндин чөнтөк дептеринде кыргыздардын этнографиясы, маданияты туурасында баалуу маалымат камтылган.
Большевиктер партия бийлигин орнотуу максатында жергиликтүү кедей-кембагалдарды өз тарабына активдүү тартыш үчүн аларга бийлик укуктарын да берген. Большевиктер колдонгон ыкманын бири кедейлер комитети болгон. Кедейлер комитети жакырлар менен орто чарба дыйкандардын башын кошуп, бийлик колуна тийгенден кийин алар совет үчүн жан үрөп күрөшкөн. Пишпек уездинде адегенде уюшулган кедейлер комитети 1918-жылдын 18-декабрында курулган Ново-Покровкалык комбед болгон.
Түркстан иштери боюнча Бүткүл Россиялык Борбордук Аткаруу комитети 1919-жылдын 18-декабрында Кемел Шабдановго дипломатиялык курьер күбөлүгүн берген. Совет бийлиги тарабынан К. Шабдановго Кытайдын Кашгар жана Кулжа провинциялары менен байланыш куруп, коюлган тапшырмаларды аткаруу милдети жүктөлгөн. К. Шабдановго ыйгарылган дипломатиялык укукка ылайык, анын жүгү жана почтасы текшерилбей, аны коштогон адамдар кармалган эмес. Мындан тышкары, бардык бийлик тармактарына ага колдон келген жардам көрсөтүшү талап кылынган.
Жогорку Кеңештин 1992-жылы 18-декабрдагы жыйынында Мамлекеттик Гимн кабыл алынды. Партиялык диктатка каршы көтөрүлгөн казак жаштары 1986-жылдын 18-декабрында Алматы шаарынын Борбордук аянтындагы стихиялуу митингди улантышты. Миңдеген адам Казакстан компартиясынын биринчи катчысы Динмухамед Кунаевдин кызматынан бошотулуп, анын ордуна “борбордон” түшүрүлгөн Г. Колбиндин келишине каршы пикирлерин билдирип турушту. Атайын түзүлгөн партиялык штабда демонстрацияны таратуу туурасында чечим чыгарылып, Алматыга алынып келген аскерлер адамдары ур- токмокко алып, аянтты бошотушкан. Аскер менен кагылышта миңдеген адам жаракат алып, алды соттолуп, айрым адамдар дайынсыз жоголгон.
Бул күнү, 1865-жылы Кошмо Штаттарда кулчулукту жоюну караган Конституциялык түзөтүү киргизилип, 1976-жылы Россияда биринчи саясий демонстрация өткөрүлүп, 1940-жылы Гитлер Советтер Союзун басып алуу үчүн түзүлгөн “Барбаросс планына” кол коюп, 1921-жылы цирк жана кино артисти Юрий Никулин, 1937-жылы таанымал адабият таануучу Теңдик Аскаров, 1938-жылы акын, жазуучу Жээнбай Мамбеталиев жарык дүйнөгө келген.