Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 23:37

АФИША: ЖАҢЫРГАН ЖУМАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Бул жумада Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде “Арт” клубунун мүчөлөрү менен жолугушуу өтөт. Иш-чаранын алкагында жыл ичинде аталган музейде өткөрүлгөн маданий иш-чаралар тууралуу баяндама жасалып, талкуулар жүрөт. Ошондой эле өнөр чеберлеринин концерти болот.

22-декабрда улуттук филармонияда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын катышуусундагы концерт өтөт. Бул иш-чараны Бишкек шаардык маданият башкармалыгы уюштурууда. Аталган башкармалыктын жетекчиси Малдыбай Кайыповдун билдиргенине караганда иш-чаранын алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын колунан жаралган буюмдардын көргөзмөсү болот. Бул концерттен түшкөн каражат өлкөдөгү мектеп интернаттарга которулат.

Аптанын бейшембисинде Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында “Замандаш” элдик журналы жыл сайын берилүүчү “Жылдын мыкты адамдары” сыйлыгынын номинаттарын сыйлайт. Журналдын башкы редактору Бакай Шүкүровдун айтымында сыйлыктарды тапшыруу аземи быйыл өзгөчөөрөк болот.

Ишемби күнү эстрада ырчысы Мерген Турган жеке концертин тартуулайт. "Бул концертте жаңы чыгармаларым менен бирге эл көрө элек өнөрүмдү тартуулайм",- дейт ырчы. Анын бул кечесин кыргыз өнөрпоздору менен бирге Орусиядан жана Казакстандан келген ырчылар коштойт.

Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артистери 23-декабрдан тартып, 30-декабрга чейин мектеп окуучулары жаңы жылдык жомок көрсөтүшөт. “Балаты менен кар киши” деп аталган бул жомок кыргыз жана орус тилдеринде болот.
XS
SM
MD
LG