Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:31

10:14 “Матрешка” чатагы боюнча сот жыйынында ЖК кызыкчылыгын Д. Садырбаев коргойт

Президенттин иниси Жаныш Бакиевдин “матрешка” маселеси боюнча Жогорку Кеңештин токтомун айыптаган арызын Бишкектин район аралык соту 20-декабрда карайт. Депутат Дооронбек Садырбаев өзүн Жогорку Кеңештин кызыкчылыгын коргоо үчүн парламент өкүлү кылып шайлоону төрагага сунуштады. Жаныш Бакиев депутат Өмүрбек Текебаевдин жүгүнө баңгизат салууга тиешеси бар-жогун сот аныктаганга чейин эле, аны Жогорку Кеңеш өз токтому менен шектүү адам катары атаганын мыйзамсыз деп эсептеп, Жогорку Кеңешти сотко берген.
XS
SM
MD
LG