Коопсуздук кызматынын жетекчиси Мурат Суталинов жалпы банк ишмердүүлүгү эмне экенин билбейт. Күч органдарын реформалоо боюнча түзүлгөн жумушчу топтун концепциясы менен тааныштыгы жок, деп билдирди депутат Өмүрбек Текебаев бүгүн парламентте. Көпчүлүк депутаттар Улуттук коопсуздук кызматы экономикалык кылмыш менен алектенбей, өлкөнүн коопсуздугу үчүн терроризмге, диний экстремизмге каршы күрөштү күчөтүшү керектигин айтышты. Алардын пикиринде, УКК Кыргызстандын экономикасына бөгөт болууда.