Баткен районуна канатташ Тажикстандын Исфара районунун Чорку жана Сурх айылдарында орун алган “Боорукер кошуналар” жана “Назанини Чорку” клубдарынын мүчөлөрү Кыргызстандын Баткен, Тажикстандын Исфара жана Өзбекстандын Сох райондорунун башчыларына, мекеме-уюмдарына жана жашоочуларына жаңы жылды майрамдоодо тирүү арчаны колдонбоого үндөгөн кайрылууну таркатышты. Анда ишкана-мекемелер жана атуулдар тоолордо өсүп турган түбөлүк жашыл токойлорду кыйбастан сатыктагы жасалма арчаларды колдонуусу керек экендиги жазылган.(СА)