Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:46

ПРЕЗИДЕНТ К.БАКИЕВ HIPC, АСКЕР БАЗАСЫ, ӨЗҮНҮН ЖЫЛКЫСЫ ЖАНА ТҮНДҮК-ТҮШТҮК МАСЕЛЕСИ ТУУРАЛУУ


Президент Курманбек Бакиевдин МТРК боюнча түз эфирде элдин жана журналисттердин суроолоруна жооп берди. Мамлекет башчысына телефон жана электрондук почта аркылуу 1200дөй суроолор келип түшкөн.

Курманбек Бакиевдин айтымында, эгер Кыргызстан HIPC программасына кирсе өз шарты менен гана кирет. Азыр кыргыз өкмөтү өз шарттарын иштеп чыгып, эларалык каржы уюмдарына берди. Эми ал маселе март айында чечилиши керек.

"Башында эларалык уюмдар бизге ушундай гана шартта киресиңер деп шарт коюшкан, анан мен өкмөткө "биздин шарт аткарылганда гана киресиңер" деп айткам. Эгер биздин 1 млрд. долларыбыз кечилсе анда биз бул программадан утабыз, - деди К.Бакиев.

Экономикалык өнүгүү боюнча президент эгер Кумтөрдө авария болбосо 8% өнүгүү камсыз кылынмак, бирок экономикада аз да болсо жылыштар бар, өкмөт жаман иштеген жок, деди ал.

Америкалык аскердин огунан каза тапкан кыргызстандык Александр Ивановдун өлүмү боюнча суроого жооп берген К.Бакиев "америкалык аскерлердин дипломаттарга тең кол тийбестик укугу алынып салынышы туура, алар эгер Кыргызстандын аймагында кылмыш кылса кыргыз мыйзамдарына ылайык жазага тартылышы керек, мен муну тапшырма катары Тышкы иштер министрлигине тапшырдым", деди.

Нарындык тургундун "Бишкек-Торугарт жолу Кытайдан келген оор жүк ташыган машиналардын айынан талкаланып бүттү, ушуга көңүл бурсаңыз?" деген суроосуна президент К.Бакиев "нормадан ашык жүктөрдү ошол машиналардан түшүрүп, жол көтөрө алган салмактагысын гана коё бериш керек" деп билдирди. Бул маселени премьер-министр Ф.Кулов да билет, мага айткан, деди.

Коррупцияга каршы президент же өкмөт эле күрөшпөш керек, ага каршы жалпы эл күрөшүшү керек, деди президент. Анын айтымында, президент дагы, премьер дагы губернаторлорду, министрлерди парасыз, коррупциясыз дайындап жатабыз. Жогорку деңгээлде коррупция жок, коррупция төмөнкү деңгээлде болуп жатат, буга жалпылап күрөшөлү, деди мамлекет башчысы.

Телефон аркылуу президентке "К.Бакиев келгени түндүк-түштүк маселеси курчуп кетти дегенге кандай карайсыз" деген суроого мамлекет башчысы "муну мен эмес, оппозиция ойлоп таап жатат, 2-ноябрда митингге чыккандар муну курчутуп жатат. Мен өмүр бою өндүрүштө иштеген адаммын, мен андан алыс болуп келгем. Ушул түндүк-түштүк маселесин таптакыр унуталы, сөз лексиконубузда муну такыр колдонбойлу", деди К.Бакиев.

Суроо кезегин Ош шаарынан ЭлТР компаниясынын студиясындагы тургундар бере баштады. Өзбекстан менен мамиле боюнча суроого жооп берген К.Бакиев акыркы 10 жылда ырасмий Ташкен менен кыргыз бийлигинин мамилеси солгундап кеткенин, жаңы бийлик ошол кенемтени оңдоп, Өзбекстан менен жылуу мамиле түзүүгө аракет кылып жатканын, экономикалык байланыштар чыңдалып жатат, деп билдирди.

ЭлТР телекомпаниясынын студиясынан суроо берген Оштун тургуну Кытайдан келген тракторлордун баасына Ошто жашаган дыйкандар нааразы болуп жатканын, ал Кытайдан бекер келип жаткан соң аны арзаныраак берсе болбойт беле, деди. Президент К.Бакиев акыркы 10 жылда мурдагы бийлик 800дөй трактор алып келсе, жаңы бийлик бир жылда 1200ден ашуун трактор алып келгенин, аларды бекер берүүгө болбостугун, трактор 10 жылга чейинки мөөнөткө берилип жатканын, алардын баасы арзан эле экенин айтты. 1-февралга чейин акыркы жолу Кытайдан келген тракторлор таратылышы керек экенин билдирди. "Элге техниканы жеткирүү губернатор, акимдердин милдети", деди президент.

К.Бакиев Дохада (Катар) өткөн Азия оюндарында Кыргызстандын 2 күмүш, 6 коло медал алып келишин дагы чоң жетишкендик катары баалайт. "Мамлекет спортчуларга баардык материалдык-моралдык чоң колдоо көрсөтөт, спорт менен машыккыла, кимде-ким эларалык чоң мелдештерде кыргыз туусун бийик көтөрсө аларга бийлик чоң жардам берет", - деди К.Бакиев. Президент Дохада айрым калыстар кыргызстандык спортчулардын медалдарын башкаларга алып берип коюп, туура эмес жыйынтык чыгарганына капа болгонун да жашырган жок.

Телекөрүүчүлөрдүн айыл банкы боюнча суроолоруна жооп берген К.Бакиев "эгер тийиштүү министрликтер жана Улуттук банк ушул маселени чечпесе анда алардын жетекчилерин мен кызматтан алууга милдеттүүмүн", деди. Кредиттердин пайыздык көрсөткүчү дагы өтө жогору болуп жатканын белгилеген К.Бакиев банктардан насыяга берилип жаткан акчалардын пайыздык көрсөткүчүн төмөндөтүп, дыйкандарга көңүл буруу зарыл, деди.

Парламент иш жүзүндө мыйзамдарды кабыл алууга эмес, саясатка көп кызыгып жатат, мисалы, капиталга мунапыс жарыялоо жөнүндө мыйзам долбоору парламентте каралбай жатат, күнөөнүн баары эле өкмөттө эмес, өсүш болуш үчүн мыйзамдар дагы жакшы болушу керек, деди мамлекет башчысы.

"Кабар" агенттиги президент К.Бакиевге "жакында Чолпонатада болгон ат чабышта сиздин күлүк алдыга чыгып келди" деген маалымат тарады, ушул туурабы?" деген суроо узаткан. Ага жооп берип жатып президент "Кыргызстанда эч нерсени жашырууга мүмкүн эмес, мен аны эч ким билбей калды десем ал да билинип калган тура", деди жылмайып. "Туура, мен да атка кызыгам, бош убактымда ат минем, ал күлүк таза кандуу жылкыдан", деди К.Бакиев.

Жаңы жылда президент небереси Русланга мергенчиликке керектүү жабдыктардын бирин белекке берет. "Анын велосипеди бар, автомашинаны тартуулоого болсо азыр эрте, менимче ага мергенчиликке керек жабдыктардан белекке берем го, ал жакшы атат", - деди мамлекет башчысы.

Кубат Оторбаев, Бишкек

XS
SM
MD
LG