Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабековдун айтымында, бүгүн парламент жыйынында ХИПК маселеси талкууланат деп эскертилип, аны түз алып көрсөтүү жөнүндө мамлекеттик телерадиокомпанияга заявка берилген. Бирок, ал өтүнүч аткарылган жок. Депутаттар МТРК жетекчилигин өлкөдөгү саясатты түшүнбөйт деп дагы сынга алышты. Алардын айтымында, конституциялык реформадан кийин президент чарбалык маселелерден бошогон. Бирок, ошого карабай, МТРКда бир күн мурда болгон түз эфирде «президенттин деңгээлин тракторго чейин түшүрүштү».