Депутат К.Карабековдун айтымында, Кыргыз өкмөтү ХИПК програмасына киргенге макул, ал эми Жогорку Кеңеш каршы болуп жатат. А иш жүзүндө ХИПК аркылуу өлкөнүн экономикасына сырттан башкаруу киргизилген турат. Ошондуктан, маселени бейшемби күнгө жылдырып, ал күнкү жыйынды түз алып көрсөтүп, жалпы журт үчүн маанилүү маселеде өкмөт менен ар бир депутаттын позициясын элге жеткирүү керек.