Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:01

ӨКМӨТ КЫЗМАТТАН КЕТТИ


19-декабрда Кыргызстандын өкмөтү толук курамы менен кызматтан кетти. Президент К.Бакиев министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн арызын кабыл алып, жаңы өкмөт түзүлгөнчө аларга кызматтык милдеттерин аткарууну тапшырды.

Өкмөт мүчөлөрү буга чейин өткөн жылдын 8-ноябрында кызматтан кетүү тууралуу арыз беришкен. Бирок аны президент кабыл албай, ошону менен парламент менен аткаруу бийлигинин ортосунда чыккан тирешке чекит коюлгансыган. Бул ирет өкмөттүн кезектеги отставкасын мамлекет башчы эч кандай шарты жок эле кабыл алды. Эмнеликтен өкмөт мүчөлөрү кызматтан кетип жатышкандыгын мурдагы адилет министри Марат Кайыпов жаңы Конституцияга негиздеп түшүндүрдү:

- Азыркы иштеп жаткан өкмөт, биз өкмөт мүчөлөрү ушул Конституция боюнча иштейбизби, иштебейбизби? Бир дагы жобо жазылган эмес. Демек биз бардыгыбыз чогулуп, биримдикте бул кызматтан кетишибиз керек. Жаңы Конституциянын иштешине шарт түзүп беришибиз керек.

Анткен менен маселенин баары парламент-өкмөт экөөнүн ортосундагы тирешке барып такалганын, жалаң саясий талаш-тартыштан башы чыкпаган Кыргызстан экономикалык өнүгүү жагынан коңшуларынан аябай эле артта калганын мурдагы биринчи вице-прмьер-министр Данияр Үсөнов белгиледи:

- Азыркы эки-үчкө бөлүнгөн парламент 46 добуш менен чечим кабыл ала албайт.Ошон үчүн иштеп аткандай түр көрсөтүү, парламент түзүмүн, өкмөт түзүмүн кароо аракети менен алек. Экономикалык мыйзамдар каралбай калды.

Д.Үсөновдун ырасташынча, 2005-жылдын бюджети бекитиле элек, анын кандай аткарылганы кабыл алынган жок. Баарынан опурталдуусу, Кыргызстан жаңы жылга жаңы бюджети жок киргени турат. Аны мурунку биринчи вице-премьер-министр: “Бизди атайылап эле туңгуюкка алып киргени калышты”, деп билдирди.

Ф.Кулов өзү башкарган министрлер кабинетинин толук курамы менен кызматын таштап кетишин саясий-экономикалык реформаларды ыкчамдатуу аракетине байланыштуу түшүндүрдү. Өкмөт кызматын таштап кетсе парламент өз алдынча министрлер кабинетин түзө албастыгын айтып, жаңы парламенттик шайлоо өткөрүү керектигине токтолду.

Мурдагы өкмөт башчы министрлер кабинетинин кызматтан кетишин реформаларды ыкчамдатуу амалында жасалган аракет катары сыпаттады:

- Башкача айтканда, биз мындай аракетибиз менен парламенттик шайлоону өткөрүүнү илгерилетүү аракетин көрүп жатабыз. Жаңы парламент, жаңы өкмөт келсин.

Ф.Кулов президент К.Бакиев экөөнүн ортосундагы тандем тагдырына токтолуп, кайсы жерде, кандай кызматта иштесе да өлкө биримдиги үчүн болгон аракетин жумшай тургандыгын билдирди:

- Республикада иштеп, жашап жүргөн кезимде кандай да болсо өлкө ичинде туруктуулук болушуна колуман келген аракетимди жумшай бермекчимин. Кандай иште болсом да.

2005-жылдын 24-мартынан кийин кызматка келген Ф.Куловдун өкмөтү бир жылдан ашуун убакыт иштеди. Өкмөттүн мындай кадамын парламент кандай кабылдар экен?

Cүрөт Кыргызстандын Президентинин расмий сайтынан алынды

XS
SM
MD
LG